Адамды жардылыкка, байлыкка да жетелеген анын адаттары. Бул сөздөр Кыргызстандагы алдыңкы бизнесмендердин бири Аскар Салымбеков тууралуу жазылган “Бай бол!” аталышындагы китептин негизги идеясы. Китепте орун алган жакырчылык же байлыкты чакырган адаттарды тизмектеп, сиздерге сунуштайбыз.
Аң-сезимди өзгөрт. БАЙ БОЛ! Аталышындагы китеп үч бөлүктөн турат. Биринчи жана экинчи бөлүктө байлык эмнеден турат деген суроого кеңири жооп болот. Ал эми китептин үчүнчү бөлүгү, аталган китептин негизги каарманы – Аскар Салымбековдун кеңештеринен турат.
Кыргызстандагы бай адамдардын алкыңкы сабында турган ишкер жана меценат Аскар Салымбеков — китептин негизги каарманы катары берилет. Китеп – Эрнес Султанов тарабынан жазылган. Андагы жакырчылык жана байлыкты чакырган адаттарды сиздерге тизмектеп, сунуштайбыз.
Байлык эмнеден башталат?
Бүгүнкү сиздин абалыңыз, бул сиз тарбиялап өстүргөн адаттарыңыздын жыйынтыгы. Кээ бир учурда жөнөкөй сезилген адаттар, жашообузга чоң залакасын тийгизээри толук мүмкүн. Адам баласы, жакшылыкка умтулуп жашаган соң, жакырчылыкка жетелеген адаттардан арылуубуз абзел. Антпесек, акчаны канчалык көп таппайлы, аң-сезимде орногон адаттар жарды болсо, бизге миллион акча деле пайда алып келбейт.
Эч ким эне курсагында булбулдай үн, дүйнө чемпиону боло турган күч, миллион акча менен же болбосо коркок же жалкоо болуп жаралган эмес. Бирок, ийгиликтүү адамдар убагында, эмгек кылышып, өздөрүн пайдалуу адаттарга үйрөтүшкөн. Ошол ийгиликтүү инсандардын арасына кошулуу үчүн жардылык жандаган пайдасыз аракеттерден арылуу абзел. Андай пайдасыз адаттар абдан көп. Бирок, Аскар Салымбеков алардын ичинен 5 адат адамдын алдыга өсүүсүнө чоң тоскоолдук жаратаарын белгилеген.
“Байлык жаман. Ал адамды бузат” – деген ой жүгүртүү
Байлыкка болгон туура эмес ой жүгүртүү адамдын андан оолактатат. Тактап айтканда:
• “элдин мээнетин жеп, карапайым калкты алдап акча тапса байларга жуга берет”,
• “бай болуу үчүн бышык болуш керек”,
• “эң негизгиси ден соолугубуз чың, алты саныбыз аман, мындан өткөн байлык жок”,
• “байлыкка умтулгандан эмне пайда, аны оо дүйнөгө алып кетпеген соң”,
• “бай кишилер акчанын кулу болушат” деген сөздөрдү көпчүлүк адамдар терең ойлонбой айта берет. Бирок, ошол эле адамдар чындыгында бай болуп жашагысы келет. Эбактан бери, акыл эси соо адам жаман коргөн нерсесине жан дили менен умтулбаарын сиз унуттуңуз.
“Үмүт” менен жашоо
Үмүт – бул байлыкка умтулган адамдардын эң негизги душмандарынын бири. Бай болуп, ийгиликти эңсеген инсан эч качан үмүт менен жашабашы керек. Себеби, үмүттүн шамы өчкөн жерден, сиздин дагы ишмердигиңиз бүтүшү толук ыктымал. Жараткан биздин аракетибизге жараша ырыскы берет.
“Зарылдыгы жок нерселерге каражат коротуу”
Акчаны зарылчылыгы жок коротуу – бул адамдын пайдасыз адаттарынын дагы бир орчундуусу. Ал капчыгыңызды заматта бошотуп, ийгиликке жетүүдө сизге чоң тоскоолдуктарды жаратат. Айлап жылдап тапкан каражатты сиз керексиз болгон буюмга, кийим кечеге, модасы бат алмашкан уюлдук телефондорго, зарылчылыгы жок унаага короткон туура эмес.
Бир буюмду сатып алаарда чечимди убактылуу эмоцияга эмес, логикага таянуу менен кабыл алуу зарыл.
“Атаандаштыктан коркуу” адаты
Сизге элде жок жакшы ой келип, башкалар сыяктуу ишмердик кылып акча табууну чечтиңиз. Ал нерсени иликтеп баштаганыңызда, айланадагы адамдар оюңузду уурдап алгандай туюлду. Себеби, башында атаандашытыгы жок сезилген тармак, заматтын ичинде атаандаштыкка толду. Аргасыз алардан коркуп, оюңуздан кайттыңыз. “Андан көрө тынч эле жумушка барып келип, айлыкка иштеп жүрө берейин” – деген ой келет. Бул учурда атаандаштык сизди иштетпей туруп, жеңип салды. Заманбап жашоодо – атаандаштыктан корккон адам ийгиликсиз адам. Себеби, атаандаштык коомдун бүт катмарын ээледи. Кечээ көчөдө өтүк оңдогон жалгыз киши болсо, ал көчөнүн бары өтүкчү.
“Ишенбестик” адаты
Пайдасыз адаттардын бешинчиси бул – ишенбестик. Адам улам чоңойгон сайын анынөзүнө болгон ишеними жоголуп барат. Бирок, бул түшүнүк ийгиликтүү кишилерге такыр тиешеси жок. Анткени, ийгиликтүү кишилер жаш балдар сыяктуу болушат. Тактап айтканда, жаш балдарда ишенбестик адаты такыр жок болгондуктан, алар алтын балыктын, аяз атанын бар экендигине чын жүрөктөн ишенишет.
Ийгиликтүү инсандар дагы ошол жаш балдардай сыяктуу , кыялындагы ойго аракет клып жетээрине ишенишет. Асмандагы учак, уюлдук телефон, сыналгы, үналгы, кир жуугуч, муздаткыч жана башка заманбап буюмдардын бардыгын өзүнө ишенген адамдар жараткан.
Адамдарды ийгиликке жана байлыкка жетелеген 5 адат:
“Китеп окуу” адаты
Аскар Салымбеков бала кезинен тарта китеп, журналдарды окуганды жакшы көргөн. Ата-энеси болочок бизнесмендин бул адатынын түптөлүшүнө зор алым кошкон. Анын китепке болгон сүйүүсүн алгачкылардан болуп, апасы ачкан. Бул пайдалуу адаты боюнча ал өзү мындай деген:
“Мектеп босогосун жаңы аттаган кичинекей кезимден эле, апам мени колумдан жетелеп, китепканага алып барып жаздырып койгон. Ошол мезгилдерде менин китепке болгон алгачкы сүйүүм пайда болгон. Кийинчерээк атам айына бир келчү “Спорт ондары”, “Дене тарбия жана спорт” аттуу журналдар менен “Совет спорту” гезитине жаздырат. Ал гезит, журналдарды окуганда ушунчалык ырахат алчумун. Күндө кечинде ата-энеме “Советтик Кырызстан, “Известия” гезиттерин үнүмдү бийик чыгарып, окуп берчүмүн”.
“Ак көңүл жана берешен” адаты
Ийгиликке жетип бай болго адам колунда жок, муктаж адамдарга жардам берүүнү унутпашы керек. Бай болууну каалаган киши, берешен дагы болуусу керек.
“Эркиндикке умтулуу” адаты
Ийгиликтүү бизнес адамга эбегейсиз чоң эркиндик берет. Эркиндиккке жеткен соң аны туура пайдалануу керек. Бүгүнкү заман адам баласы эркиндиктин туу чокусуна жеткен заман.
“Чечкиндүүлүк” адаты
Чечкиндүүлүк – бул кыялга келген жакшы ойду, эч кандай шылтоонун аркасына жашырбастан аткаруу. Башкача айтканда, бардык кадам чечеимден башталат. Адам же чечкиндүү же чечкиндүү эмес болот. Чечкиндүү киши ийгиликти белден сындырса, чечкиндүү эмес адамдын жашоосу бир өңчөй өтө берет. Уникалдуу идеаларым көп. Бирок, баары келип каражатка такалып жатпайбы деген жөн гана шылтоо. Андыктан, эртеңден же биринчи күндөн тарта жаңыча жашоо баштаймын дегенди токтотуп, жаңырууну ушул күндөн, ушул сааттан, азыркы көчодөн, азыркы үйдөн баштоо керек. Эртеңкиге жылган каалоо – эч качан аткарылбайт.
“Алдыга умтулуу” адаты
Камыш баскан саздуу жайды аз убакыттын ичинде дүйнөдөгү аты чыкан базарга айланткан Аскар Салымбековдун бирини артынан экинчисин багындырган ийгиликтери, ачкан бизнестери жана кирешелери тууралуу аталган китепте жазылган. Ал, ар бир ишти, ар убак өркүндөтүү менен алдыга умтулуунун манилүүлүгүнө токтолгон.
Кыргыз тилинде өзүңүздү өнүктүрүүчү мыкты китептер
“Убакыттын чеберин” окуп, жашооңузга дем бериңиз
Касиет Кубанычбек кызы