Кургак учук — адамга да, канаттууларга да, мал жандыктар да жугат. Алдыда, кургак учук кандай ылаң? Анын себептери, белгилери жана көрүлгөн чаралар жөнүндө сөз кылабыз.

Кургак учук коркунучу
1. Кох таякчалары деген эмне?
Кургак учур – бул жугуштуу ылаң. Ал кох таякчлары аркылуу жугат. Алар сууда жана топуракта, кыкта жашап, абдан туруктуу келет. Топуракта жана кыкта 4 жылга чейин жашаганга жөндөмдүү. Бирок, күн нурлары аларды 72 сааттын ичинде өлтүрө алат. Бүгүнкү күндө бул бактериялардын үч түрү бар — адамда, мүйүздүү жандыктарда жана канаттууларда кездешүүчү түрү. Ошол эле учурда, алар өзгөрүп, башка сортторго өтүшү мүмкүн.
Кургак учук аныкталган учурда мал чарбалары чоң жоготууга учурайт. Малдын түшүмдүүлүгү төмөндөп, оорулуу мал союлууга кетет, дезинфекция жүргүзүлүп, оорунун жайылышына каршы башка чаралар көрүлөт. Бул аракеттер билинбегени менен көп каржыны талап кылат.
2. Ылаң кантип жугат?
Инфекциянын булагы оорулуу жаныбар жана андан бөлүнүп чыккан суюктуктар — какырык, бок, сүт болот. Инфекция аба жана тамчылар, тамак-аш аркылуу жугат. Көбүнчө, ал таякчалар өпкөгө таасир этет. Бирок ал башка органдарга да таасир этиши мүмкүн. Бул ылаңдын эң коркунучтуу жагдайы – ал эт, сүт азыктары аркылуу малдан адамга жугат.
3. Кургак учуктун белгилери кандай?
• дем алуунун оорлошуусу
• арыктоо жана табиттин төмөндөшү;
• теринин кургашы жана ийкемсиздиги;
• Суюктуктун көп өндүрүлүшү,
• температуранын көтөрүлүшү (болжол менен 40 ° C).
Инкубация мезгили 2-6 жумага созулат. Оорунун белгилери ылаңдын деңгээлине жараша болот. Көбүнчө малдарда инфекция төмөнкү органдарда орун алат:
Өпкө: Кургак учуктун эң типтүү формасы. Ал негизинен шилекей аркылуу жуккан.
Карын: Кадимки белгилерден тышкары кан аралаш же ириңдүү ич өтүү болот.
Желин: желин жана анын учтары жоноюп, катуу болуп калат. Уйду басканда, анын денесинде ооруксу пайда болуп, сүтү уюган кан менен чыгып калат.
Жыныс органдары: Уй бооз кезинде инфекция жуккан болсо, музоо өлүү төрөлүүсү менен мүнөздөлөт. Букаларда жыныс органдары шишип, сезгенишет. Бул формада инфекциянын жугушу жыныстык мүнөзгө ээ.
4. Эгер бодо малда кургак учуктун белгилери билинбесе эмне кылуу керек?
Ылаңдын көп учурда мүнөздүү белгилери байкалбай дагы калышы ыктымал. Мындай учурда, ири мүйүздүү малдарда туберкулин тести өткөрүлүп турат. Аны малдын 2 ай кезинен баштаса болот. Ошондой эле, бооз болгон мал жандыктарга дагы тест менен текшерүү жүргүзсө болот. Эгерде 3 күндөн кийин препараттын сайылып жаткан жери 3 ммден ашыгыраак шишип же ийне сайган жерде дене температурасынын жогорулашы байкалып жатса, анда бардык малдар үчүн экинчи текшерүү жүргүзүлөт.
Экинчи жолу туберкулин менен текшерүүнү көз же тамыр аркылуу текшерүү керек. Туберкулин менен мал жандыктарды текшерүү жылына эки жолу, мезгил-мезгили менен жасалат.
5. Кургак учукту дарылоо жолу кандай?
Тилекке каршы, бүгүнкү күндө бодо малдын туберкулез ылаңын толук айыктыруу үчүн эффективдүү дары-дармек жок. Оорулуу мал союлуп, кургак учукка каршы чаралар көрүлүүдө.
Малдын саламаттыгын чыңдоо боюнча айрым иш-чараларды жүргүзүү үчүн төмөнкү ыкмалар тандалат:
• Инфекцияга кабылган жаныбарларды аныктоо үчүн лабораториялык шарттарда үзгүлтүксүз (ар бир 2 айда) сыноолорду жана изилдөөлөрдү жүргүзүү. Мындай иш-чаралар кургак учукту аныктоонун бардык натыйжалары терс болгонго чейин жүргүзүлөт.
• Бодо мал багылып жаткан жайды толук дезинфекциялоо зарыл.
• Изилдөөнүн жыйынтыгы менен, эгер малдын 15% ашыгы ылаңдап калган болсо, карантин киргизүү керек. Мал кармаган жайлар дезинфекциялоочу заттар менен кылдат тазаланууга тийиш.
• Мал кармаган жайдагы топурактын үстүңкү катмарынан 15-20 см алынып, ветеринардык кызмат көрсөткөн жерге жеткирилет. Ошондой эле, бардык таштандылар, кык жана тейлөөчү шаймандарды жок кылуу керек.
6. Ылаңдаган малдын сүтүн ичип, этин жегенге болобу?
Кургак учуктун козгогучу сүт ичинде 10 күн, ачытылган сүт чөйрөсүндө (кефир, ачытылган сүт, айран) 3 жумага чейин жашай алат. Сыр жана майларда кургак учуктун таякчалары бир жылга чейин, ал эми балмуздак 6,5 жылга чейин инфекциянын болушун камсыздай алат. Ылаңдаган бодо малдын сүтү 10 мүнөт кайнатылат жана аны мал жандыктарды багуу үчүн гана колдонсо болот.
7. Кургак учукка каршы эмдөө жана профилактикалык чаралар кандай?
Кургак учук козгогучтарына каршы иммундук системаны түзүү үчүн, эмдөөгө БЦЖ вакцинасы колдонулат.
Ири мүйүздүү малдарда кургак учуктун алдын алуу боюнча чаралар бар:
• малды кармоодо, азыктандырууда жана ташууда бардык гигиеналык нормаларды сактоо;
• ишенимдүү өндүрүүчүлөрдөн гана жогорку сапаттагы тоют сатып алуу;
• ири мүйүздүү мал сатып алууда, сатып алынган малды карантиндик шарттар менен камсыз кылуу жана зарыл ветеринардык кароодон өткөрүү;
• кандайдыр бир оорунун кичине белгиси болсо, ветеринарыңызга кайрылыңыз;
• Жылына 2 жолу профилактикалык ветеринардык экспертиза жүргүзүү;
• ветеринардык кызмат тарабынан оору табылса, 14 күндүн ичинде оорулуу малды союуга өткөрүп бериңиз;
• эгерде жумушчуларда бул ооруга оң реакция болсо, аларга фермада иштөөгө жол бербөө;
• зыянкечтерге каршы күрөшүү (кемирүүчүлөр, кенелер жана башкалар);
Малдарда кургак учукту айыктыра турган дары жок жана мал фермасына чоң зыян келтириши мүмкүн. Ошондуктан, малды эмдөө, туберкулин тесттерин үзгүлтүксүз жүргүзүү жана башка алдын алуу чараларын көрүү керек.
