Пардавай Абдираимов банк тармагында эмгектенип жүрүп, акыркы 3 жылдан бери кой чарбачылыгы менен дагы кошумча алектенип келет. Учурда дорпер, гиссар, арашан ж.б койлордун 450дөн ашык башын багып, аларды аргындаштырып, эксперимент кылуу менен алек.

фермер Пардавай Абдираимов
— Саламатсызбы, банкта эмгектенип жүрүп, кой чарбачылыгыңызды кантип баштадыңыз?
— 2008-жылдан бери микро-финансы тармагында иштеп келем. Бул менин күнүмдүк жумушум. Көпчүлүк кыргыздын уул-кыздары айылда мал карап чоңойгон. Мен дагы Бишкекте жашаганыма карабастан, ар дайым өз кыялымды кармап келгем. 3 жыл мурун ошол кыялды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк пайда болду. Өзүм Баткен облусунун Лейлек районунан болом. Мурда бизде жайдары деп койдун бир гана түрүн кармачубуз. Кой чарбачылыгы менен иштеп баштаганда Тажикстандан гиссар тукумундагы койлорду алып келип баштагам. Бул нерсеге кызыгып отуруп, Кыргызстанга жаңылык болсун деп бизде жок породаларды алып келүүнү чечтим.
— Кайсы породаларды алып келдиңиз?
— Бүгүнкү күндө бир туугандарыбыз менен түптөгөн чарбабызда атайын 20 сотых жерди сатып алып, азыркы заманбап шарттарды түзүп сарай курдук. Ал жерде азыр Кыргызстанда атагы чыгып, эл кызыгып жаткан башы кара, денеси ак түштүк африкалык дорпер койлору, мериноландшаф, франциялык иль де франц жана түштүк африкалык башы күрөң келип, денеси ак болгон бур козулары, тажикстандык гиссар койлору бар. Быйылтан тарта биздин атактуу арашан породаларына басым жасай баштадым.

Дорпер койлорунун башы кара, денеси ак түстө болот
— Ушул койлорду канча көлөмдө, кайсы өлкөлөрдөн алып келдиңиз?
— Жогоруда аты аталган койлор кайсы өлкөдө пайда болсо, ошол өлкөгө эле таандык деп айтса болот. Дорпер койлору жана бур козулары – түштүк африкалык породалар. Ал эми мен алып келген дорперлер австриялык жана латвиялык. Бур козулары түздөн-түз Австралиядан келген. Арашан болсо өзүбүздөн чыккан асыл тукум. Иль де франц менен мериналандды мен Украинадан алдырттым. Былтыр Белоруссияга суфольд, тексель деген породаларды көрүп келсем деп баргам. Бирок, суфольд бир аз кичирээк болуп, көңүлүмө жаккан жок. Ал эми мериналандды мынчалык чоң деп ойлогон эмесмин. Дароо жактырып, 50 баш алып келдим.
— Учурда дорпердин сизде канча даанасы бар?
— Дорперден 33 баш алып келдим эле. Азыр балдары менен эсепке алганда 30 чакты бар. Кызыккан кишилерге былтыр сегиз чоң коюн сатканбыз. Бул койлордун баасы арзан эмес. Башында банктан насыя алгам. Ошондуктан, былтыр 8 башын сатууга туура келди. Дорпердин кочкорлору менен гиссар, меринос жана романов койлорун аргындаштырдым.

Башы күрөң, денесинин ак түсү менен айырмаланган «Бур» козусу
— Жыйынтыгы кандай?
— Азыр айрым адамдар куйрук май жебейт. Негизи ал пайдалуу жана ченемдүү өлчөмдө жеп турган жакшы. Бул дорперде куйрук май жок. Аны биздин куйруктуу койлор менен аргындаштырганда эт көбүрөөк болот болду бекен деген ой менен эксперимент кылып көрдүк. Чындап айтканда, биздин куйруктуу койлор гиссар, арашан, жайдары менен аргындаштырууда туутунун куйругу жок болуп туулуп жатат. Тактап айтканда чоң койлордо куйрук май 10 кг болсо, ошол 10 кг ордуна эт алса болот. Дорпер 82% чейин өзүнүн генетикасын өткөрүп бере алат экен.
— Дорпер менен башка тукумдагы койлорду аргындаштырууда сырткы көрүнүшүндө кандай өзгөрүүлөр бар?
— Дорпер менен мериносту аргындаштырганда туут кара менен ак түстө төрөлүп жатат. Кыргызстанда андай ала-чубар кооз козуларды эч кайсы чарбадан көрбөйсүз. Мындан тышкары гиссар койлору бойлуу келет. Ал эми дорпер тескерисинче жапыз бойлуу болот. Экөөнү аргындаштырганда туулган козулар чоңураак туулуп жатты. Бул дагы жакшы нерсе. Эксперименттин эң ийгиликтүүсү меринос менен дорперди аргындаштыруу болду.
Дорпер жана мериносту аргындаштыруудан улам туулган козу

Уяң жүндүү иль де франц койлору
Касиет Кубанычбек кызы
«Арашан» асыл тукумуна коңшу өлкөлөр кызыгат
Мамытканов: Малга бир суткада 3 килограмм салмак кошууга болот