Соңку күндөрү жалпы Кыргызстан боюнча күйүүчү майдын кескин түрдө өсүшү байкалууда. Кочкор айылынын май куйуучу жайларда бензиндин баасы 2 эсеге кымбатташы белгилүү болду.
«BISHKEK PETROLEUM» май куючу жайы
Турдакун Искаков Кочкор районун тургуну
Кочкор айылынын тургуну Турдакун Искаков таксисттин иши оорлошуп баратканын айтып кетти:
«Бензин кымбаттаганы менен, айыл ичиндеги такси кызматынын баасы 15 сом бойдон калууда. Ишкерлигиме жана үй- бүлөлүк бюджеттке терс таасирин тийгизип жатат. Тапкан акчам эч нерсеге жетпейт».
Сабырбек Жапаров
Нарын шаарына каттаган айдоочулардын бири Сабырбек Жапаров өзүнүн жеке ою менен бөлүштү:
«Көп жылдан бери Кочкордон Нарын калаасына такси кызматын аркалап келем. Ушул жылдын башынан бензиндин баасы кымбатташы, элдин жана биздин чөнтөккө катуу залакасын тийгизүүдө. Ошого байланыштуу, жол киресин жогорулатууга аргасыз болдук, мурун 700-800 сомго май куйсак, азыркы учурда 1600 сомго куйуп жаткан кезибиз. Жүргүнчүлөр жол киренин баасы көтөрүлүшүнө кыйналып жатышат, айла жок түшүнүк менен кабыл алышты. Негизи айдоочуларга кыйын болуп жатат, май кымбат десек, унаанын тетиктери, дөңгөлөктүн баасы жогору болуп жатканына кабатыр болуп жатабыз. Нарын шаарына жол киресин болгону 50 сомго көтөрдүк, мурда 250 сом болсо азыр 300 сом болду, бирок чыгымдарыбызды жаппай калган учурлар да болуп калат.»
Адек Бостонкулов
16 жылдан бери Кочкордон Чолпон айылына каттаган айдоочу Адек Бозумкулов маек куруп берди:
«Көп жыл болду таксист болуп иштегениме, күнүнө Кочкор айылына Чолпон айылынын тургундарын жеткирип, кайра алып кетем. Биздин айыл Кочкордон 26км аралыкта жайгашкандыктан күнүнө эки тарапка 300-400 сомдун тегерегинде май куюп турам. Жол кирени сентябрь айында 50 сомдон 70 сомго көтөргөн бойдон калдык».
Бишкек — Кочкор каттамында жүргөн айдоочулардын абалын сурасак, аларда деле ушундай көйгөйлөр тууралуу маалымат беришти. Бишкек шаарына маршруттук таксинин кызматы 250 сом болсо, жеңил унаа таксилер 400 сомго чейин көтөргөнүн айтышты.
Кочкор айылындагы май куюучу жайлардын бириндеги майдын баасын чагылдырып кетсек: АИ-85 бензини 63,90 тыйын, АИ-92 бензини 57,90 тыйын, АИ-80 бензини 56,90 тыйын, ДТ- майы 57,90 тыйын.
Күйүүчү майдын баасынын көтөрүлүшүнүн башка жалпы бааларга таасирин берип жатканына, күбө болуп жатабыз.
Мирланова Канайым, Молдошева Асема, Жокенова Мадина