2022-жылдын 23-январында Кочкор районунда флагштоктун ачылышы болуп өттү. Иш-чарага Кочкор райондук администрациясынын башчысы-аким Курбанбек Камчыев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жылдыз Таалайбек кызы, Кыргызстан дин башкармалыгынын башчысы- муфтий Замир Ракиев, дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова жана расмий өкүлдөр катышты.
Желек Кочкор районунун кире беришине орнотулду. Жалпы бийиктиги 37,5 метр, тумбасы 6,5 метр, стелланын бийиктиги-31 метрди түзөт. Туунун узуну 15 метр, туурасы 10 метр. Кыргызстанда бийиктиги боюнча экинчи орунда турат.
Жеке ишкер — Ормон Нурбек уулу
Иш-чаранын башкы демилгечиси –жеке ишкер Ормон Нурбек уулу буларга токтолду:
«Курулуш иштери 2021-жылдын 19-июлунда башталган. Жалпы суммасы 4 млн. сомду түзөт. Курулушка жалпы Кочкор эли демөөрчүлүк кылды. Алардын ичинде Кочкор райондук мамлекеттик администрациясы, айдоочулар жамааты, май куючу станциялар, тамактануучу жайлар, жеке ишкерлер, айыл өкмөттөр жана жаштар жардам көрсөтүштү. Учурдан пайдаланып бардык демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирем».
Тасманы район башчысы жана расмий өкүлдөр кесишти
Аким Курбанбек Камчыев сөз сүйлөп иш-чаранын расмий бөлүгүн ачып берди
Тууну аскерлер борбордук көчө менен алып келишти
Туунун бийиктиги — 31 метр
Бакыт Кожокматов