Кочкор районундагы Кара- Суу айылынын 1971-жылы туулган тургундары мектепке демөөрчүлүк кылышты. Алар жалпы наркы 20 миң сомдук көк карагайдын көчөтүн алып беришти. Бул тууралуу Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинин директору Болот Бообек уулу билдирди.
20 даана көк карагайдын көчөтү мектептин алдына жана этнопаркка отургузулду. Көчөттөр Чүй облусунун Кемин районундагы «Кемин» токой чарбасынан алынып келди. Адистердин айтуусу боюнча январь айы карагайдын көчөтүн отургузуу үчүн эң ыңгайлуу учур болуп эсептелет.
Демөөрчүлөрдүн өкүлү, айыл тургуну- Асланбек Нааматбеков буларга токтолду:
«Атым Асланбек. Мектептин айланасын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү максатында демөөрчүлүк кылып, 20 түп даана карагайдын көчөтүн алып келип отургузуп бердик. Биз бул идеяны мындан жарым жыл мурун көтөргөнбүз. Январь айы карагайдын көчөтүн отургузууга ыңгайлуу учур болгондуктан азыр отургузуп жатабыз. Келечекте мектепке дагы демөөрчүлүк кылсак деген максаттарыбыз бар ».
Дөмөөрчүлүк кылган айыл тургундары
Көчөттөр мектептин этнопаркына да отургузулду
Мектеп директору Болот Бообек уулу демөөрчүлөргө ыраазычылыгын билдирди
Айжаркын Эркинбек кызы