Ат-Башы районундагы медицина кызматкерлери Ковид-19 илдетине каршы эмдөөдөн өтүштү. Бул тууралуу Ат-Башы райондук аймактык ооруканасынын башчысы Илим Бейшеналиев билдирди.
«Барыбыз билгендей былтыр, 2020-жыл оор жылдардан болду. Ковид-19 илдети бизге дагы келип, бир топ адам ооруп, тилекке каршы бул оорудан көз жумгандар дагы көп болду. Медицина кызматкерлери болгон күч аракетибизди жумшап, ооруган бейтаптар менен күнү-түнү алпурушуп жаттык. Бейтаптарды дарылоо үстүндө жүрүп, медицина кызматкерлери дагы жуктуруп алган учурлар да болду. Эл дагы башында бул ооруга ишенбей, качан бул ооруга чалдыгып кыйналгандарды көргөндө анан ишеништи.
Ковид вирустук инфекция бат жайылып кетүү коркунучу бар. Ошондуктан алдын-алып, дайым беткап, антисептик колдонуп, санитардык эрежелерди, аралыкты сактап жүрүш керек. Биринчи толкунда аябагандай жеңил өткөн. Экинчи толкуну катуу болуп, адам өмүрлөрүн да алды. Эми үчүнчү толкуну болот деген күтүүлөр бар. Бул андан дагы катуу болот деп жатышат. Биз буга дагы даяр турушубуз керек. Өзүбүздү-өзүбүз коргонуубуз абзел.
Ковид вирустук инфекциясына каршы вакциналар чыгып, каалоочулар сайдырып жатат. Биздин медицинанын жалпы кызматкерлери толугу менен эмдөөдөн өтүштү. Анткени, биз оорулуулар менен түзмө-түз иштечү адамдарбыз. Эмдөө кээ бир башка өлкөлөрдө акчага сайылып жатат. А бизде бекер. Райондун жалпы элине дагы кайрылып кетет элек. Өзүбүздү, жакындарыбызды оорудан коргоп, алдын алып эмдөөдөн өтүп, санитардын эрежелерди сактап жүрүңүздөр. Жалпы элибизге ден-соолук каалайбыз»,-деп билдирди Илим Бейшеналиев.
Асель Уркунбаева