Нарын областынын Кочкор районунун Кара-Суу айылындагы китепкананага Келдибек Эсенбаевдин ысымы ыйгарылды. Китепкана жаңы китептер менен толукталып, китеп сүйүүчүлөргө жаңы мүмкүнчүлүк ачылды.
Китепкана жаңы китептер менен толукталды
-Саламатсызбы? Өзүнүздү тааныштыра кетсениз.
-Саламатчылык менин атым Жаныбек, Келдибектин уулу болом.
-Бүгүн айылыбызда жакшы саамалык өткөрүлүп жатат. Иш-чара тууралуу айтып берсеңиз.
-Биз дагы чоң кубанычтабыз. Бүгүнкү саамалыктын эң негизги себеби; айылдагы китепканабызга атабыздын аты берилип жаткандыгы. Атам Эл агартуу тармагында 40 жылдан ашуун эмгектенген, анын 25 жылын директорлук кызматта иштеген. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери болгон.
— Китепканага кандай көмөк көрсөттүңүздөр?
-Китепканага Келдибек атабыздын уул-кыздары,неберелери бардыгыбыз чогулуп эмеректерди, стеллаждарды, стол жана компьютер менен жабдып бердик. Эң негизгизи китеп фондуна 200дөн ашуун жаны китептерди алып келип бердик.
-Маегиңизге чоң рахмат.
Келдибек Эсенбаевдин баласы-Жаныбек Эсенбаев
«Менин атым Бурул. Келдибек Эсенбаевдин төртүнчү кызымын. Атабыз Кара-Суу орто мектебинде математика мугалими болуп 50 жылга жакын иштеген. Ал 17 жашынан баштап жетекчилик кызматтарда иштеди, колхоздо парторг, башкарма да болуп эмгектенген. 67 жашка чейин мектепте иштеп, ардактуу эс алууга чыккан. Атам тарбиялап окуткан окуучуларынан азыркы учурда медицина илиминин доктору, мугалимдер, илимдин кандидаттары, экономисттер жана окмуштуулар чыгышкан».
Кызы Бурул
-Атабыз согушка катышкандыгы баарыбызга маалым, согуштагы эрдиктери жөнүндө айта кетсениз?
-Атабыз 19 жашында Беларусияга согушка чакырылган, ал жерден жарадар болуп 2 күн талаада жатып көптөгөн кыйынчылыктарды жеңип, аман-эсен согуштан,өзүнүн айылында эмгектенген».
-Согуштан алган сыйлыктары жөнүндө айта кетсеңиз?
-Эң мыкты деп ыйгарылган бул Кызыл жылдыз ордени, бирок көзүнүн тирүүсүндө албай калган. Андан тышкары, Улуу Ата -Мекендик согушта биринчи, экинчи даражадагы медалдардын баарын алды, орден медалдары абдан көп болчу. Тынч турмушта жетекчилик кызматта иштеп жүргөндө, эң жогорку СССР дин эл агартуунун отличниги сыйлыгын алган, грамоталары абдан көп болгон.
Кочкор райондук Исаков атындагы китепканын директору Бекчороева Анара Темировна
«Бүгүнкү саамалык менин оюмча эң жогорку деңгээлде өтүп жатат деп айта алам, анткени бул адамдын аты китепканага коюлуп жатат. Эсенбаев Келдибек өмүр бою эл агартуу жагында иштеп, ар кандай көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон, ошону менен бирге Улуу Ата Мекендик согушка катышып, бир нече жолу жаракат алып, ошондон кийин өзүнүн туулуп өскөн жеринде Кара-Суу айылына көп эмгек сиңирген адам экен. Бул агайдын балдары, кыздары ушул китепканага атын коюуга чоң себеп болушуп, бүгүнкү китепканага аты коюлуп жатканы биз үчүн, китепкана үчүн, анын ичинен ушул айыл үчүн чоң сыймык деп айта алам.
Элибизде кеп бар: «Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин». Мынакей агайдын көзү өтүп кетсе дагы, ушул жалпы элге окурмандар үчүн улуу тарыхта калып атат деп ойлойм. Бул агайдын өмур жолун кийинки муундар сөзсүз түрдө билиш керек. Бул адам адамзатты деги эле өзүнүн балдарын, өзүнүн окуучуларын китеп окууга үндөгөн адам болгон экен. Аны агайдын уул кыздары чоң кеп кылып айтып отурушат. Бүгүнкү саамалык биздин жалпы окурмандар үчүн, биздин эл үчүн чоң денгээлде, абдан жакшы маанайда өттү деп айта алам».
Келдибек атанын уул-кыздары жана неберелери
Илимбек Рысбеков