Ат-Башы районундагы Ат-Башы жалпы дарыгерлер практика борборунда үстүбүздөгү жылдын 22-июлунда биринчи жолу жүрөккө операция ийгиликтүү жасалды.
Эки миң метр бийиктиктеги мындай операцияны Кыргыз Улуттук кардиохирургия жана транспланталогия илимий борборунун директору профессор Таалай Кудайбердиев баш болгон, балдар кардиохирургу, реанимация бөлүмүнүн башчысы, анестезиолог, перфузиолог дарыгерлеринен турган топ ишке ашырды. Операциянын жүрүшүндө жүрөк токтотулуп, атайын АИК аппаратынын жардамы менен кан жүгүртүлүп турду.
Бейтап 6 жаштагы Арууке тубаса жүрөктүн эки кемтиги менен төрөлгөн. Каражат тартыштыгынан буга чейин операция жасатканга мүмкүнчүлүк болгон эмес. Аруукенин операциясына кайрымдуулук фонд жардам берген. Мындан тышкары, оорукана тарабынан дагы жардам көрсөтүлүп, альбумин, кан, дары-дармектери бекер берилди. Учурда бейтаптын абалы канааттандырарлык. Реанимация бөлүмүнүн кызматкерлеринин көзөмөлүндө болуп жатат.
Ал эми Ат-Башы жалпы дарыгерлер практика борборунун директору Илимгазы Бейшеналиев менен Кыргыз Улуттук кардиохирургия жана трансплантология илимий борбордун директору Таалай Кудайбердиевдин ортосундагы кызматташуунун аркасы менен буга чейин да райондогу аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдарына бекер операциялар жасалып келген.
Асел Үркүнбаева