Ат-Башы районунда туризмди өнүктүрүү, чет жерден келген конокторго шарт түзүү, райондун экономикалык абалын жакшыртуу максатында форум болуп өттү.

Аким Нурбек Сатаров демилгелеген форумда 2 долбоор сунушталды
Форумга Бишкек шаарынан белгилүү туризм борборлорунун өкүлөрү, облусубуздун туризм боюнча иш алып барып жаткан ишкерлери, айыл өкмөт башчылары жана ошондой эле тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Форумга Бишкетеги белгилүү туризм тармагынын өкүлдөрү келди
Анда, туризмди өнүктүрүү, көйгөйлөр, туристтерди тартуу жолдору боюнча сүйлөшүүлөр болуп, сунуш-пикирлер айтылды. Ошондой эле форумдун жүрүшүндө Ат-Башы районунан эки чоң долбоор презентацияланып, ишкерлерге сунушталды. Бири Ат-Башынын кире беришине чоң арка куруу болсо, экинчиси район борборуна туризм борборун ачуу боюнча болду.

Долбоордун бири — Ат-Башынын кире беришине арка куруу

Экинчиси — туризм борборун ачып, турларды уюштуруу
Жакынкы убакта туризм боюнча иш алып барган чоң компаниялардын менеджерлерин районго алып келип, туристтерге көрсөтүүчү объекттерди тааныштыруу максатында атайын тур уюштуруу пландалды.
Абасы таза Ат-Башы районунда бир канча тарыхый жерлер, кооз жайлоолор жана ошондой эле башка аймактардан өзгөчөлөнгөн Чатыр-Көл, Көл-Суу, Көл-Төрлөр бар экени белгиленип, бирок мындай туристтерди тарта турган жерлер бар болгону менен чет өлкөлүк туристтерди тартуу райондук денгээлде колго алынбай келгени айтылды. Буга чейин аталган аймакка бирин-серин гана туристтер келсе дагы аларга эң жөнөкөй болгон шарттар түзүлгөн эмес.
Сүрөт: Ат-Башыда калкты тейлөө борбору жаңы имаратка которулду
Асел Уркунбаева