14-август күнү Ат-Башыдагы борбордук аянтчанын бир бөлүгү жасалып бүтүп, ачылышы болду. Бул аянтчаны реконструкциялоо — райондун 90 жылдыгына арналган долбоорлордун бири болуп саналат.
Долбоорду Ат-Башы районунун акими демилгелеп чыгып, аны ишке ашырууга архитекторлор тарабынан план иштелип чыккан. Демилгени жеке ишкерлер колдоп, аз убакыттын ичинде ишке ашырышкан.

Аянтчанын ачылышында
Ат-Башы районунун акими Нурбек Сатаров аянтчанын реконструкциялоо иштери 3 этап менен болуп, 31-августка чейин бүтөрүн билдирди:
«Азыркы учурдагы пандемияга байланыштуу Ат-Башы районунун 90 жылдыгын маданий иш-чаралар менен эмес, социалдык объектилердин курулушу менен белгилейли дегенбиз. Буюрса акырындан мектептер, бала- бакчалар курулуп жатат. Арасынан чоң долбоорлорунун бири — ушул борбордук аянттын реконструкциялоо иштери болуп саналат. Бул жер 1998-жылдан бери оңдолуп-түздөлгөн эмес экен. Бул долбоорго кайдыгер карабаган жеке ишкер Мелис Жунусов жана 1979-жылы туулган Ат-Башылык тургундар колдоп, бир бөлүгүн жаңыртуунун милдетин алышып, аз убакыттын ичинде бүтүрүп жатышат. Аларга терең ыраазычылык билдиребиз.»

Нурбек Сатаров Мелис Жунусовго ардак грамотасын тапшырып жаткан кези
Ал эми долбоорду көрүп эле жактырып, ишке ашыра турганын билдирген Мелис Жунусов буга чейин дагы пандемия учурунда дарылай жардамдарды, медициналык коргонуучу каражаттарды, айрым ФАПтарга кир жуучу машиналарды жана башка жардамдарды көрсөтүп келишкен. «Биз 1979-жылы туулган досторубуз менен бирдикте бул аянтчанын биринчи этабын жасап бүтүрдүк: тактап айтканда брусчаткаларын төшөп, эс алып отуруучу отургучтарды жана прожекторлорду орнотуп бердик. Дагы жашылдандырып, көрктөндүрүү жумуштары калды. Жалпы 350 000 сом акча каражаты жумшалып 20 күндүн ичинде жумуштар аткарылып бүттү. Биз алдыда дагы Ат-Башыдан чыккан чыгаан уул-кыздары менен биргеликте көптөгөн долбоорлорду ишке ашырабыз деп турабыз»,- деди ал.

Эс алып отуруучу скамейкалар
Мындан мурда Ат-Башынын 90 жылдыгына карата 90 долбоор ишке ашырылат деп айтылып, кирпич заводу ишке кирген.
Асель Уркунбаева