Нарын облусунда Кыргызстандын башка аймактарына караганда суук эрте түшүп, кыш мезгили узакка созулат. Ошол себептүү кышка карата камылга август айынан тарта эле камылга көрүлүп, көмүр тартуу иштери башталат. Тилекке каршы өлкөбүздү каптаган пандемиядан улам быйыл райондо кышка камылга кеч калды.

«Турук» көмүр кени

С.Кулубаев Ак-Талаа райондук мамлекеттик админстрациясынын башчысы
Ак-Талаа райондук мамлекеттик админстрациясынын башчысы аким Сейтек Дөөлөтбекович районго көмүр тартуу иштери август аягында башталарын айтты.
“Лицензиясын алган төрт көмүр кенибизди иштете турчу уруксаты бар төрт кампания бар. Учурда эки “Турук майн” жана “Сардар” кампаниялары тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат. Кампаниялардын бири айыл өкмөттөрдү жана бюджеттик мекемелерди, экинчиси жеке тараптарды көмүр менен камсыз кылат. Августтун аягы сентябрдын башы менен тартуу иштерин башталат. Көмүр менен толук камсыз кылуу аракетин көрүп жатабыз. Көмүр кенчилер пандемияга байланыштуу кеч болсо дагы районду камсыз кыларын айтышты дейт”.
Учурда Ак-Талаада дан эгиндерин коромжусуз жыйнап алуу аракеттери башталды
Барчын Мамытбекова