Бала тарбиялоодо ата-менен эненин бирдей катышуусу маанилүү. Көпчүлүк учурда бала өстүрүүнү энелерге гана жүктөп, аталар үй-бүлөнү материалдык жактан гана камсыз кылыш керек деген жаңылыш пикир бар. Учурда баланы чоңойтууда ата-энелерге багыт көрсөткөн “Ата-энелер мектеби” иштей баштаган. Ошентсе да ага басымдуу бөлүк апалар барышат.
Бала тарбиялоодо үй-бүлө мүчөлөрү, б.а. атасы да энеси да балага көнүл буруп, туура тарбия берүүгө аракет кылуусу керек. Бирок, көпчүлүк учурда бала өстүрүү энелерге жүктөлөт. Учурда баланы чоңойтууда ата-энени бирдей катыштыруу максатында аймактарда “Ата-энелер” мектеби иштей баштаган.
Дамира Сейдинова төрт жылдан бери “Ата-энелер” мектебин жетектеп келет. Ал ата-энелер дагы бала тарбиялоо боюнча дайыма окуулардан өтүп турушу керек деп эсептейт:
«Ата-энелер мектебин сөзсүз уюштуруу керек. Технология жакшы өнүккөндүктөн ар кандай жакшы жетишүүлөр менен балдар маалыматы бар. Кайсыл жактан окушу керек экен кандай билим алыш керек экенин балдар өз алдынча таанышып билип үйрөнүп жатат. А бирок ошого ата-эненин түшүнүгү жетпей жаткандыктан балага жардам бере албай жатат».
Ата-энелерге бала тарбиялоодогу жаңы ыкмаларды, бала менен тил табыша билүүнү үйрөтүү максатында уюшулган окутууларга көпчүлүк учурда энелер активдүү болушат. Ал эми аталардын келбей коюшу, демек, бала тарбиялоого кайдыгер кароо дейт Дамира Сейдинова.
«Аталардын мектепке келбегенинин себеби, аталардын кайдыгерлиги деп ойлойм. Өз баласына кызыкпаган кийин мектепке кайдан басып келсин. Ата-энелер мектебинде аталарга, энелерге кандай көйгөй болуп жатат окуучунун ортосунда, эмне кылышыбыз керек, азыркы балдарга кандай мамиле кылышыбыз керек, азыркы баланы кантип тарбиялашыбыз керек, азыркы баланын билим алуусуна, окуусуна кандай жардам беришибиз керек деген темаларды көтөрүп, биз ата-энелер мектебин уюштуруп өткөнгө аракеттенебиз. Ошого деле саналуу эле аталар келип, көп тартыла беришпейт.»
Дамира Сейдинова (сол тараптан экинчи)
Социалдык адистердин айтымында өсүп жаткан бала атасы менен керектүү жакындыкты, көрбөй калган мээримди башка адамдардан издөөгө аракет кылат. Мындай кадамдар жаш өспүрүмдөрдүн келечегине зыянын да тийгизиши мүмкүн.
Нурия Түкөбекова
«Бүгүнкү күндө ата материалдык жактан камсыз кылуу менен эле чектелип жатат, тилекке каршы, көпчүлүк убакта. Атанын колдоосун, атанын камкордугун, мээримин балдары дайыма сезип турушу керек. Өзгөчө кыз бала атанын тарбиясын жакшы алган күндө келечегинде өзүнө абдан туруктуу, ишенимдүү сапаттарын калыптандырат. Атанын камкордугун, мээримин көрбөй калган кыз бала башка сыртка чыкканда ошол мээримди издейт. Атанын бербей койгон мээримин, камкордугун, бир жакшы сөзүн издеп, өзүнө бейтааныш адамдарга ишеним көрсөтүп, тагдырларын бузуп алгандар кездешип жатат,»-дейт социалдык адис Нурия Түкөбекова.
Ата-энелер чогулушуна, семинарларга 98% апалар келет
Нарын районуна караштуу Оттук айылынын тургуну Улан Абылаев беш кыз бир уулдун атасы. Ал балдарга тарбия берүүдө дайыма жаңы көндүмдөрдү, ыкмаларды издейт.
Улан Абылаев
«Баланы тарбиялоодо атанын тарбия берүүсү чоң роль ойнойт. Ата баласын бардык жактан колдоп турушу керек. Кур насааттарды айта бербестен көбүрөөк жанында алып, чогуу иш жасаганда жанында болуп, балада ошол аркылуу таасирленет. Ата менен баланын ортосунда жылуу мамиле болушу керек. Ата оюн айтып, кеңешин берип, баланы ар дайым колдоп турушу керек. Атанын тарбиясы, сөзү, мамилеси баланын кыялына, жүрүм-турумуна, коомдо адам болуп калыптанышына чоң таасир этет,»-деди ал.
Аталар үй-бүлөнү бир гана материалдык жактан камсыз кылышы керек деген жаңылыш пикир. Бала менен бирге сапаттуу убакыт өткөрүү, аны өстүрүүгө катышуу, жаңы ыкмаларды үйрөнүү менен балага шыктанууларды, туура тандоо багытын берүүсү абдан маанилүү. Бала ийгиликтүү болуу үчүн сөзсүз ата-энесинин колдоосуна муктаж.
Акылай Алмазбекова