Мектеп окуучулары жана жогорку окуу жайдын студенттери быйылкы окуу жылын дистанттык түрдө аяктайт. Окуучулардын жана студентердин дистанттык түрдө окуп жатканына 1 ай убакыттан ашты. Бул аралыкта ата-эне менен баланын ортосунда түшүнбөстүктөр, бала ата-энесин укпай же ата-энеси тапшырмаларга анчейин түшүнбөй жаткан учурлар болбой койгон жок.
Бир нече күн мурда атасы баласын тапшырма аткарбаганы үчүн муунтканга чейин барган видеосу интернетке желдей тарап, коомчулукка чуу салды. Же тескерисинче ата-эне менен баланын ортосунда жакындык пайда болуп, убакыттын көбүн бирге өткөрүп жатабыз деген үй-бүлөлөр да бар.
Мындан улам Суусамыр айылындагы Конушбеав Кадырбек атындагы орто мектебинин директору Азамат Кашкариевге байланышканыбызда буларды айтты:
“Азыркы учурда мугалимдер ар бир окуучу жана ата-эне менен вотсап аркылуу тыгыз байланышта болуп жатат. Презентациялар, видео чалуулар аркылуу сабактар өз учурунда өтүлүүдө. Маселе жаратуулар болгон жок, кудайга шүгүр. Ал эми окуучулардын билим деңгээлин май айынын акырында эсептет чыгарып, анан үйдөн окутуунун жыйынтыгы кандай болгонун билсек болот.”
Ата-энелерден чогултулган сурамжылоодо мындай пикир менен бөлүшүшкөн:
“Онлайн окуу жакшы экен, балдардын эле мектепке барбай калганы эле болбосо. Кээде интернет жок болуп калганда эле кыйналып калбасак. Балдар кой өзүбүз аракет кылалы деп жоопкерчиликтүү да болуп калышат экен.”
“Дистанциондук окуткан жакшы экен, үйдөн чыкпай. Бизде болгону тоо жактан интернет жакшы тартпай калат да кээде.”
“Биздин үйдө бешөө мектепте окуйт. Ар биринин сабагын окутуп, түшүндүрүп берүү кыйын экен. Үйдө башка да жумуштарыбыз бар. Май айын да үйдөн окуйт деп айтышты, эми айла жок чыдайбыз да.”
Даярдаган: Зыйнат Самар кызы