Элибиз той, мааракеде гана эмес, күнүмдүк турмушунда да сөздү элестүү сүйлөйт. Ак жоолугуң башыңдан түшпөсүн, алганың менен тең-кары деп бата берилсе, баш кийимди бирөөгө бербейт, бычактын мизин өйдө каратпайт деп үйдө тарбия берилип келет. А сиз, алардын түпкү маанисин билесизби?