Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев мектебинде 2-мартта боло турган облустук семинарга даярдыктар көрүлүп, ар бир окуу бөлмөсүнө эмеректер, окуу куралдары, усулдук бурчтар ата-энелердин демөөрчүлүгү менен жаңыланды.
Ошондой эле экинчи жана үчүнчү кабаттагы баардык окуу залдары мугалимдердин, жеке демөөрчүлөрдүн каражатына кайрадан жасалгаланып жаңыланды.


Окуу бөлүмүнүн башчысы Чынар Сатындиеванын айтымында, бардык кабинеттерге ар бири 6-8 миң сом турган эмеректер коюлган.
«Мындан сырткары ар бир предметтик кабинеттердин пол, парталары, терезелери сырдалды. Ал эми биринчи кабаттын залы 60 миң сом каражатка жаратылыш залы болуп кайра жасалгаланды», — деди ал.
![20170301_121358[1]](http://tunukradio.kyrgyzmedia.kg/wp-content/uploads/sites/15/2017/03/20170301_1213581-1024x576.jpg)
Жаңы коюлган усулдук бурчтарга мугалимдер көрсөтмө куралдардын бир канча түрүн коюшуп, даярданышууда.
Даярдаган: Жылдызбек кызы Алтынай
Редактору: Айылчиева Адина
Сынак үчүн