Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 23-февраль Ата Мекенди коргоо күнүнө карата 11-класстын окуучулары арасында “Зарница” аскердик-колдонмо оюну өттү.
Аны мектептин мугалими, подполковник Шаршенбек Мурзабеков уюштуруп, райондогу орто мектептердин аскерге даярдык сабагы боюнча мугалимдери, Афган жана Баткен ардагерлери, ата-энелер, аскер комиссариатынан өкүлдөр күбө болушту.
Оюнга мектептин “Барс” жана “Беркут” командалары катышып, сапка тизилүү, салтанаттуу марш, граната ыргытуу, противогаз кийүү, биринчи медициналык жардам көрсөтүү сыяктуу тапшырмаларды аткарышып, комплекстүү эстафеталык оюндарды ойношту.
Окуучулар оюндун бардык тапшырмаларын аткарууда мыкты даярдыктарын көрсөтүштү. Абдылдабекова Мимоза автоматты 7 секундда чачып, 19 секундда жыйнап, эркек балдардан да мыкты көрсөткүчтү берсе, гира көтөрүүдө Керимжанов Эдил артыкчылык кылды.
Оюндун жүрүшүндө атайын калыстар курамы иштеп, жыйынтыгында “Беркут” командасы женишке жетишти.
Соңунда Ак-Талаа райондук өрткө каршы кызматынын башчысынын орун басары Кылыч Жакшылык уулу айрым өзгөчөлөнгөн, шамдагайлыгын көрсөткөн окуучуларга бөлүмдүн Ардак грамотасы менен бирге акчалай сыйлыктарды тапшырды жана окуучларды майрамы менен куттуктап, Ата Мекенди коргоого чакырды.
Ал эми райондук аскер комиссарынын орун басары Урматбек Баратбаев:
— Силердин бүгүнкү оюнуңарды көрүп отуруп, даярдыгынар аскердеги алты айлык жоокерлерден да жогору экендигин көрдүм. Келечек силердин колуңарда. Кандай учур болбосун Кыргызстанды коргоо ар бирибиздин атуулдук парзыбыз.
Даярдаган: Жылдызбекова Алтынай
Редактору: Айылчиева Адина
Сынак үчүн