Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкүмөтүндө жалпы 186 баатыр эне бар. Аларга мамлекет тарабынан кандай жардамдар көрсөтүлөт, алардын жашоосу кандай болуп жатканы тууралуу билип көрдүк.
Адегенде Сумбула айыл өкүмөттүн социалдык коргоо боюнча адиси Кутмат Убайдуллаев менен маек курдук.
Саламатсызбы? Сумбула айыл өкүмөтү боюнча учурда канча баатыр эне бар?
— Учурда айыл өкүмөт боюнча 186 баатыр эне бар.

Алар “Баатыр эне” наамын алганы үчүн мамлекеттен ай сайын кандай жардамдар көрсөтүлүп турат?
— Баатыр энелерге жылына бир жолу социалдык категорияларына карап 2000ден 6000сомго чейин акча бөлүштүрүп беребиз. Мындан сырткары 8-мартта айыл өкүмөттө майрам уюштуруп, дастаркон жайып баатыр энелерди чакырып, ар бирине белектерди 250 сом акча менен тапшырабыз.
Акыркы беш жылда айыл аймагы боюнча баатыр энелердин саны көбөйдүбү же азайдыбы?
— Беш-алты жыл мурда 140 баатыр эне бар болчу. Азыр көбөйдү.
Сумбула айыл өкүмөтүнө караштуу Сары-Дөбө айылынын жашоочусу, 75 жаштагы баатыр эне Ыргал Алимбекова өзүнүн наамы тууралуу суроолорубузга жооп берип өттү.

Канча балаңыз, канча небереңиз, канча чөбөрөңүз бар?
— 10 балам, 43 неберем, 3 чөбөрөм бар.
Качан “Баатыр эне” наамын алдыңыз?
— Мен бул наамды 1982-жылы 10-балам төрөлгөндө айыл өкмөт кызматкерлери келип беришкен.
Бул наамды алгандан кийин кандай өзгөрүүлөр болду? Баатыр эне катары сизге мамлекеттен кандай жардам көрсөтүлүп турат?
— Жыл сайын майрамда чакырып бирден жоолук, 200 сом акча, кичине майда-чүйдө берип сыйлайт. Ал эми акчалай жактан 35 жылдан бери болгону бир жолу жакында 1100 сом акча беришти.
Маегиңиздерге чоң рахмат!
Даярдаган: Динара Таштанова
Редактору: Аймир Каныбекова
Сынак үчүн