Ызгаардуу кыш мезгилинин бүтөрүнө саналуу гана күндөр калды. Дегеле бул кыш элет элинин эсинде эмнеси менен калды? Кар кандай түштү, деген суроолордун айланасында Лейлек районуна караштуу Сары-Дөбө айылынын тургундары менен маек куруп көрдүк.
Быйыл кыш оор болгонун билдирди Сары-Дөбө айылынын тургуну Галбай Мурадилов.

“Быйыл кыш айыл тургундары үчүн мурдагы жылга караганда оор болду. Кардын эң жогорку көрсөткүчү 30 сантиметрге жетти. Кудайга шүгүр, малдарды карап жаттык. Кыштан эсен-аман эле чыкты. Айыл тургундары кышка жакшы камынгандыктан тоют маселеси да жаралган жок, жетиштүү болду”, — деди Мурадилов.
Дагы бир айыл тургуну Анвар Рыскулов кардын көп жааганы пайдалуу экенин айтат.

“Кар жакшы эле жаады. Кардын көп жааганы эгин-талаа дыйканчылык менен күн кечирген элет эли үчүн пайдалуу десек болот. Себеби жерде нымдуулук көп болуп, эгин-талаа иштери жакшы болот”, — деп айтты Анвар Рыскулов.
Даярдаган: Динара Таштанова
Редактору: Аймир Каныбекова
Сынак үчүн