Балыкчы шаарындагы С.Каралаев атындагы №6 жалпы орто билим берүү мектебинде 2022-жылдын 7-декабрында окуучулар ата-энелери менен биргеликте катышкан «Атам, апам жана мен» деген темада спорттук мелдеш өткөрүлдү.
Бул спорттук мелдешке 3-класстарынын ата-энелеринен, окуучуларынан түзүлгөн «Алга», «Жалын» топтору катышты. 3″а»-классынын атынан чыккан «Алга» тобу менен 3″б»-классынын атынан «Жалын» тобунун ортосунда абдан кызыктуу таймаш болду.
Биринчи бөлүктө ар бир топ өзүнүн атын, дубал газеталарын эмблемаларын жактап беришти. Андан соң мектептин дене тарбия мугалими Мария Расулова мелдештин эрежелерин, баскычтарын катышуучуларга түшүндүрүп берип, оюн башталды.
Мелдеш төмөнкү баскычтар менен өткөрүлдү:
Бардык баскычтарда катышуучулар абдан мыкты деңгээлде катышып, даярдыктарын көрсөтүштү. Аларды мектептин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Бактыбек Туркөбаев жетектеген калыстар тобу калыстык менен баалап жатышты.
Жыйынтыгында, эки топ тең 31 балл топтошуп, тең чыгышты.
Катышуучулар, колдоп келген көрүүчүлөр бул иш-чараны уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдиришти.
Адилет Курманов