Жергиликтүү кеңеште депутаттар эмненин негизинде иш алып барат жана алардын ишмердүүлүгү үчүн кандай эрежелер бар? Жергиликтүү кеңеште регламент түзүлөбү? Ушул суроонун алкагында алдыда «Ачык өкмөт» уктуруусунан кененирээк маалымат ала аласыздар.
Регламент деген эмне? деген суроо менен жергиликтүү кеңештин депутаттарына кайрылдык.
Бул суроого жергиликтүү кеңештин депутаты Рахат Абдысатар уулу мындайча жооп айтты.
Рахат Абдысатар уулу: «Регламент депутаттар тарабынан иштелип чыккан жергиликтүү кеңештин иш тартибин камсыз кылган эреже болуп эсептелет. Жергиликтүү кеңештин иш тартиби регламенттин негизинде жүргүзүлөт. Айылдык кеңештин депутаттары биринчи кезекте регламентти бекитип алыш керек».
Жергиликтүү кеңештин регламенти – бул мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган бекиткен регламенттин негизинде жергиликтүү кеңеш депутаттары тарабынан иштелип чыккан документ. Кыргыз Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2013-жылдын 25-ноябрындагы буйругунун негизинде айылдык кеңештин типтүү регламенти бекитилген. Бул боюнча жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары Урмат Алыпсатаров төмөндөгүдөй билдирди.
Урмат Алыпсатаров: «Регламент — бул айылдык кеңеш депуттатарынын ишмердигин жөнгө салган мыйзамдарында каралган жергиликтүү кеңештин иштерин уюштуруунун жана алардын ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартибин белгилейт. Ар бир кеңеш өз регламентин мыйзамдардын негизинде бекитет. Бекитилген регламентти айылдык кеңештин төрагасы же орун басары депутаттарга тааныштырат. Регламент – бул жергиликтүү кеңештин мыйзамы, ошондуктан ар бир кеңеш регламенттен чыкпай иш алып барганга милдеттүү».
Регламент жергиликтүү кеңештин токтомунун негизинде бекитилет жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында катталууга тийиш.
Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Материалдын мазмунундагы ой-пикилер фонддун көз карашын чагылдырбайт.
Азиза Тамчиева
Жумуш берүүчү депутатты кеңештин сессиясына жиберүүгө милдеттүү
Аудио: Жергиликтүү кеңештин депутаттары кызмат акыларды белгилей алышабы?