Жаздын келиши менен Суусамыр айылындагы бала бакчанын курулушу жанданды. Суусамыр айыл аймагынын башчысы Отунчиевдин маалыматы боюнча 2020-жылдын күз мезгилинде башталган бала бакчанын курулушу ушул жылдын аягына чейин бүткөрүлүп, колдонууга берилет. Ал 100 орунга чакталган жана эки кабаттуу имарат болмокчу.

Бала бакчанын курулушу
Бала бакча айыл өкмөттүн жана АРИС долбоорунун колдоосу менен курулуп баштаган. Бул тууралуу Суусамыр айыл аймагынын башчысы Урмат Отунчиев төмөндөгүдөй билдирди:

Суусамыр айыл аймагынын башчысы Урмат Отунчиев
Урмат Отунчиев: «Айыл өкмөт айылда көйгөйлүү маселелерди чечүүгө аракет кылып жатабыз. Ошолордун бирөө ушул бала бакча куруу болчу. Биздин айылда буга чейин бала бакча болгон эмес. Көйгөйлүү маселелердин бири болуп келген. Айыл өкмөтү колго алып ишке ашырганга аракет кылып келгенбиз. Аракетибиз ишке ашып бала бакча курулуп баштады. Долбоордун негизинде айыл өкмөттүн каржылоосу менен курулуш иштери 2020-жылдын күз айларында башталган. Кыш мезгилинде курулуш иштери токтогон. Жаздын келиши менен курулуш иштери башталды. Азыркы убакта жумушчулар келип иштеп баштады. Арис долбоорунун жана Суусамыр айыл өкмөтүнүн каражатына курулуп жатат. Бала бакча 100 орунга чакталган. Эки кабаттуу имараттан турат. Жергиликтүү кеңеш менен биргеликте айылдын инфраструктурасын жакшыртышыбыз керек. Каражат убагында бөлүнүп которулуп турса ушул жылдын аягына чейин колдонууга берилет деген ойдобуз. Бала бакча балдарыбыздын келечеги үчүн жакшы мүмкүнчүлүк болду».
Бала бакчанын курулушу айыл элине жакшы жаңылык болду. Өзгөчө иштеген балалуу энелер бул кабарды кубануу менен кабыл алды. Бул тууралуу айыл тургуну Асел Жусупбек кызы өз оюн билдирди:

Айыл тургуну Жусупбек кызы Асел медайым
Асел Жусупбек кызы: «Бала бакча салынганы балдар жана энелер үчүн чоң кубаныч болуп жатат. Бизге буга чейин бала бакчанын жоктугу көйгөй жаратып келген. Өзгөчө иштеген айымдар үчүн балдарын берүүгө бала бакча жок болгон. Менин эки балам бар. Ооруканада медайым болуп иштейм. Жолдошум дагы жумушта болот. Балдарым азыр мектепке бара элек. Бала бакчага муктажбыз. Бала бакча курулуп бүтүп калса, балдарыбыз бакчага барышат деген ойдобуз. Айыл эли да жумуш менен камсыз болот эле. Балдарыбыздын келечеги үчүн да жакшы болот. Бакчага барып аң-сезимдери өсүп, мектепке дагы даярдык болот. Айылда балдар үчүн эч кандай оюн аянтчалары дагы жок. Бала бакчага барган бала менен үйдөгү баланын айырмасы бар болот. Эртерээк бүтсө деп тилек кылалы»-дейт Асел айым.
Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Материалдын мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.
Азиза Тамчиева.
Аудио: Жергиликтүү кеңештин регламенти
Жумуш берүүчү депутатты кеңештин сессиясына жиберүүгө милдеттүү