Тоолорго кар түшүп, күн сууктап калган убак. Элетте кышка даярдык жүрүп жаткан кези. Бирок, айыл тургундары сатыкка көмүрдүн чыкпай жатканын айтып, тынчсыздануусун билдирди. Суусамыр айылындагы тургундар менен мекемелердин кышка даярдыгы тууралуу алдыдагы «Ачык өкмөт» уктуруусунан уга аласыздар.
Суусамыр айылында кун сууктап калган убак. Бирок, көмүр сатуучулардын келе электигин айыл тургундары айтып, тынчсыздануусун билдирди. Алардын бири Чолпон Кулсариева.
«Биз азырынча көмүр ала элекпиз. Анткени, айылга көмүр келбей жатат. Суусамырдын кышы суук болгондуктан, 5-6 тоннадай көмүр жагабыз. Азыр тезек, отун менен үй жылытып жатабыз. Эми көмүр келип калса алабыз», — дейт айыл тургуну Чолпон Кулсариева.
Ал эми көмүр келгени менен суроо-талап көп болуп, калбай калып жаткандыгын айыл тургуну Улукбек Абдылдаев белгилеп өттү.
«Былтыркыдан калган жарым тонна көмүр бар эле. Ошону жагып жатабыз. Ал дагы бүтөйүн деп калды. Көмүр келди деген менен суроо-талап көп болуп, бат эле сатылып кетип жатыптыр».
Айыл өкмөтү тарабынан аз камсыз болгон жана социалдык жактан муктаж адамдарга көмүр берүү маселеси каралууда. Бул тууралуу Суусамыр айыл өкмөтүнүн социалдык жактан жетектөөчү адиси Жыргалбек Бекжанов билдирди.
«Биз быйыл дагы социалдык жактан муктаж адамдарга жана аз камсыз үй-бүлөлөргө көмүр берүү маселесин карап жатабыз. Көмүр берүү — акчалай түрүндө берилет. Депутаттар жана айыл башчылар менен биргеликте калыс каралып, чечим чыгаруу менен берилмекчи».
Ал эми Суусамырдагы мекемелер айыл өкмөт тарабынан көмүр менен камсыз болгондугун айыл өкмөттүн башкы бухгалтери Элмира Такырбашева билдирди.
«Биздин айыл өкмөт Суусамыр айыл аймагы боюнча 4-мектеп жана милиция бөлүмүнүн имаратын көмүр менен камсыз кылабыз. Бүгүнкү күндө мекемелерге көмүр түшүп, жылытуу системалары иштеп жатат. Мекемелер кышка толугу менен даяр».
Азиза Тамчиева