Сокулук районунун Кызыл — Туу айылынын тургундарынан акыркы күндөгү коронавирус оорусу боюнча, санитардык абалдын сакталышы боюнча сурамжылоо жүргүздүк.
Жооптуу катчы Валентина Чоноева
Санитардык абал сакталууда
Алгачкы суроолорго Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Чоноева Валентинадан төмөндөгүдөй маалыматтарды алдык:
«Салтка айланган элибиздин күз айлары келиши менен той-аш өткөрмөй башталат. Айыл жергесинде да акыркы айда массалык чогулуулар, той-топурлар кескин көбөйүүдө. Биз айыл элине үйлөрдү кыдырып түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдөбүз. Тилекке каршы сурансак да болбой эл той- аштарды өткөрүп жатышат. Жүргүзүлүп жаткан эпидемиологиялык иш-чаралар жана түшүндүрүү иштери адамдар тарабынан көз жаздымда калууда, кафе жана ресторандарда ар кандай той, салтанаттар арбын өтүп жатат, айып пулдун өлчөмүн көбөйтүү үчүн административдик чараларды күчөтүшүбүз керек. Буга райондук бийлик катуу көзөмөл жүргүзүп карап жатат, менимче тойканаларды жаппаса бул нерсе кышка чейин дээрлик улана берет», — деп билдирди.
Ушул эле айылдын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун кызматкери Акматова Гульмира төмөндегүлөргө токтолду:
«Бүгүнкү күндө беткапты кийген жарандар азайгандан азайып бара жатат. Коомдук унаа, дүкөн жана соода борборлорунда «беткапсыз кирүүгө болбойт» деп жазылган эскертүүлөргө эч ким моюн сунбай калды. Ал аз келгенсип массалык чогулуулар байма-бай өтүүдө. Адамдар бир гана коронавирус менен оорубастан мезгилдүү ооруларга да чалдыгууда. Мунун баары биздин ишибизди оорлотууда. Мындан улам күз-кыш мезгилинде абал коронавирустун үчүнчү толкунуна караганда оор болушу ыктымал. Бирок бул бир гана божомол. Ошол эле учурда коронавирустан айыккандар кайра ооруп калышы мүмкүн. Коронавирус эч жакка кете элек. Адамдар санитардык талаптарды сактабай жатышат. Ден-соолукту чыңдоо жана беткап кийүү, аралыкты сактоо, колду самын менен жуу жана антисептик колдонууга чакырам», — дейт ал.
Ал эми айыл жашоочусу Салерова Дильбара:
«Той- аш айылда абдан көп өткөрүлүп жатат. Массалык чогулуштарга барып баарыбыз ооруп айыгып жатабыз. Кафелер, тойканалар иштеп эле жатышат, ушундай жерлерди балким иштетпей жаптырып салышса эл тынч оорудан алыс жашайт беле деген ой келет».
Нурзат Момуналиева