Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Автор: admin

Райондук ардагер спортчулар футбол ойноду

Тогуз-Торо районунун ардагер жана мекеме жетекчилери Беш-Көл командасынын уюшулгандыгынын 30 жылдыгына карата футбол оюну өткөрүлдү.

«Тилектеш Эл» коомдук бирикмеси мугалимдерди куттуктады

«Тилектеш Эл» коомдук бирикмесинин демилгеси менен «Үйрөткөн адеп, нускасын, мугалим-улуу устатым» аттуу мугалимдер күнүнө карата Тогуз-Торо районунун эл шайырларынын коштоосундагы майрамдык концерти өткөрүлдү.

Турак-жайды камсыздандыруу туурасында маек курулду

Талкууга Тогуз-Торо району боюнча камсыздандыруу бөлүмүнүн өкүлү Тынчтык Таалайбеков жана Тогуз-Торо райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы полковник Эсенкан Керимакуновдор турак жайды камсыздандыруу туурасында угармандарга маалымат беришти.

Сары-Булуң айыл аймагында карылар күнү белгиленди

2018-жылдын 29-сентябрь күнү 1-октябрь  Улгайган адамдардын эл аралык  күнүнө» арналган чакан кече уюштурулуп, Сары-Булуң айылынын 120 кары адамына сый тамак тартууланды.

Тил күнүнө карата спорттук мелдеш өткөрүлдү

№7 Таштемир Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде кыргыз тилинин 29 жылдыгына карата «Кыргыз тилин спорт менен айкалыштырып өнүктүрөбүз» деген ураандын астында спорттук эстафета оюну өткөрүлдү.

«Саймалуу-Таш»- ачык асман алдындагы сүрөттүү галерея

Жалал-Абад облусунан болжол менен 200 чакырым алыстыкта жайгашкан Саймалуу-Таш коругу дүйнөдөгү ири петроглиф галереяларынын бири болуп саналат. Ал Тогуз-Торо районундагы Көкарт жайлоосунда жайгашкан.

Аксакалдар соту жана Аксакалдар Кеңешинин ишмердүүгү туурасында маек курулду

Талкууга Тогуз-Торо районуна караштуу Каргалык айыл аймагынын Аксакалдар сотунун төрагасы Мелис Үркүнбаев, мүчөсү Данияр Мамбетов жана Каргалык айылдык аксакалдар сотунун төрагасы Жапаралы Казыбаев, мүчөсү Надыр Матаев жана Кадырбек Өмүралиевдер катышты. …

Тогуз-Торо районунда жалпы ишембилик өткөрүлдү

15-сентябрь “Бүткүл дүйнөлүк тазалоо” күнүнө карата Тогуз-Торо районунда дагы ишембилик өткөрүлүп,тазалоо иштери  жүргүзүлдү.

Суу чыкпаган кайрак жерди алма бакка айлантууга аракет кылган Ишенбек Шеримбеков

Айылдын өнүгүшүнө салым кошкон Тогуз-Торо районунун Табылгыты айылынын тургуну  Ишенбек Шеримбеков суу чыкпаган, кайрак жерге, тамчылатып сугаруу системасы аркылуу 500 түп алма багын отургузуп өстүрүүдө.

Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарындагы Тогуз-Торолуктардын ийгиликтери

Жалал-Абад областына караштуу Тогуз-Торо районундагы уз чеберлер жана «Тогуз-Торо жаштар биримдиги»  Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында ийгиликтерге жетишишти.

Эгемендүүлүккө 27 жыл

Тогуз-Тородо Эгемендүүлүктүн 27жылдыгына карата салтанаттуу иш- чара өткөрүлдү.

Август кеңешмесинде мугалимдер сыйланды

Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмүнүн август айындагы кеңешмесинде райондук бардык мектептеринин  мугалимдери катышты.

Айыл өкмөтүнүн бюджети талкууланды

 “Сары-Булуң” мультимедиа борборунун түз эфиринде маек Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн бюджети тууралуу түз  эфир уюштурулду.

Демократия сааты: Аялдардын коомдогу орду

Талкууга Тогуз-Торо райондук Аялдар Кенешинин төрайымы, Тогуз-Торо  айылдык Кеңешинин депутаты Гулжамал Шайнаева, “Ийгилик” кол өнөрчүлүк кооперативинин төрайымы Тамара Курманалиевалар катышты.

Тогуз-Торо районунун мектеп окуучулары лагерге барышты

Тогуз- Торо райондук профсоюз уюму тарабынан каржыланып, 30 окуучу  Ысык-Көл облусундагы «Улан” пансионатына барышты.

«Тилектеш Эл» коомдук бирикмеси кайрымдуулук кылышты

«Тилектеш Эл» коомдук бирикмеси кайрымдуулук кылышып, 1-сентябрь «Билим» күнүнө карата Тогуз-Торо районунун айыл аймактарынан беш окуучуну жаңы окуу жылына даярдады.

Эл өкүлдөрү Тогуз-Торо районундагы көйгөйлөр менен жеринде таанышты

Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Касымалиева жана Кенжебек Бокоев Тогуз-Торо районуна келип, жергиликтүү эл менен жолугушту. Бул тууралу  Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Касымалиева төмөндөгүлөрдү билдирди. “Тогуз-Тородогу эл менен жолугушуу абдан жакты. …

Айылдын аксакалы малинанын өзгөчө түрүн багат

Айылдын ардактуу аксакалы Асанакун Дюшебаев жашы улгайганына карабастан, бакчасында түркүн мөмө-жемиштерди багат. Ошондой эле 40 жылдан бери көп байлаган малинанын түрүн багат.

Айыл тургундары акысыз медициналык кароодон өтүштү

Тогуз- Торо районунун Сары-Булуң айыл аймагынын тургундары мобилдүү клиниканын акысыз медициналык кароосунан өтүштү. 

Түз эфирде “Тилектеш коомдук бирикмеси” тууралуу талкууланды

Сары-Булуң мультимедиалык борбордо “Тилектеш коомдук бирикмеси” тууралуу түз эфирде талкуу өткөрүлдү. Талкууга Тилектеш коомдук бирикмесинин төрагасы Анарбек Санжыбаев жана социалдык маселелер комитетинин төрайымы Касиет Абдумалик кызы катышты.

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...