Токтогул районуна караштуу Жетиген айылындагы Б.Салаев орто мектебинин чатыры жаңыланды. Бул ишке 1,5 млн акча каражаты сарпталып, Токтогул райондук атайын фонд тарабынан бөлүнгөн.
Токтогул районуна караштуу Кырк-Казык айылында 10дон ашык уй белгисиз себептер менен өлүп калган. Жергиликтүү калктын айтымында мындай оору буга чейин болгон эмес.
Ас-Сафа кайрымдуулук фонду тарабынан Токтогул районуна караштуу Шайык,Чоңко, Алмамат айылдарына таза суу чыгарылды. Үч айылда биригип жалпы 283 түтүн кожолук таза суу менен камсыз болду.
БУУнун «Азык түлүк» програмасынын алкагында Кетмен-Дөбө айыл аймагында социалдык абалы начар жакыр жашаган 85 үй бүлөгө 3 каптан ун, 15 литрден суу май таркатылды.
Токтогул району боюнча ар бир айылга 250 дозадан COVID-19 оорусуна каршы вакциналар бөлүнүп, эмдөө башталды. Биринчи кезекте мамлекеттик кызматкерлер, мугалимдер, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана медицина кызматкерлери алышууда.
Токтогул атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин окуучусу Уланбек кызы Анара Токтогул району боюнча жалгыз «Алтын тамга» аттестатынын ээси болду.
Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылында «Бир адамдан бир китеп» акциясы өткөрүлдү. Акцияны айыл өкмөтүнүн кызматкерлери Токтогул райондук китепкана башчылары жана айыл тургундары колдоого алышып жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылынан Баткен элине 103 миң сом акчалай жардам жөнөтүлдү. Акча чогултуу жагын айыл жаштары уюштуруп, ар бир үйгө кирип колдон келген жардамын чогултушту.
Токтогул районуна караштуу Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүндө 2021-жылдын 11-апрелинде өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы менен шайланган 21 депутатка мандаттары тапшырылды. Депутаттык төш белги менен күбөлүктү Токтогул райондук АШК катчысы Эркин …
Токтогул району боюнча Улуу жеңиштин 76 жылдыгын салтанаттуу белгилөө максатында айыл аймактарында эстеликтерди актап-сырдоо айланасын тазалоо иштери жүрүп жатат.
11-апрель 2021-жылы Токтогул району боюнча жалпы 35 шайлоо участкасында жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жана жаңы Конститутцияны кабыл алуу боюнча Референдум тынч жана 50% ашык шайлоочулардын катышуусунда өттү.
Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылынын жаштары демилге көтөрүп өз автомашиналары менен кум жүктөп келип айылдын ички жолдорун оңдоп-түздөп жатышат. Бул ишке айылдын жалпы жаштары катышууда айылдык кеңештин депутаты Жумабаев Жеңиш …
Токтогул районунда бардык айыл аймактарында 3 айлык көрктөндүрүү жашылдандыруунун алкагында жалпы ишембиликтер өткөрүлүүдө.
Кыргызстандык футболист, тагыраак айтканда Токтогул районунун Жаңы-Жол айылында 2000-жылы туулган Алыкулов Гүлжигит Жаныбекович Азия чөлкөмүндө экинчи ирет «Апта оюнчусу» болуп табылды. Бул тууралуу Азия футбол конфедерациясынан билдиришти.
Токтогул районунда айыл чарба жана үй жаныбарларынын арасында кутурма оорусу боюнча эпизоотиялык абалды туруктуу сактоо, кароосуз калган ит, мышыктарды атып жок кылуу боюнча атайын комплекстүү иш чаралар аткарылууда. Токтогул районундагы …
Жалал-Абад шаарында өткөрүлгөн жергиликтүү мамлекеттик райондук администрация башчыларынын жана алардын орун басарларынын аттестациясы жыйынтыкталды.
Токтогул районун Арал айылынын жашоочусу 1959-жылы туулган Анарбек Уметалиев Бишкек шаарында өткөн 60 жаштан жогорку 4 км аралыкка чуркоо боюнча марафондо биринчи орунду багындырды.
Токтогул райондук футбол клубу 8-март аялдардын эл аралык майрамына карата кыздар арасында футбол оюну боюнча турнир өткөрүп берди. Турнирге 2007-2008-2009-жылкы окуучу 80ден ашык кыздар катышты.
Токтогул районуна караштуу айылдарда жаңы конституциянын долбоорун талкулоор жүрүп жатат. 25.02.2021-жылы Терек-Суу айылында талкуу болуп, жергиликтүү жашоочулар өз ойлорун жана сунуш-пикирлерин билдиришти. Конституциянын маанилүү өзгөрүү болгон жерлерин Кетмен-Дөбө айыл …
Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылынын жашоочуларын 100 га ашык айдоо жерлерин агын суу менен камсыз кылуучу М2 насостук электр станциясынын чатыры урап тамчы тамып калган. М2 насостук станциясы ар дайым …