Кетмен-Дөбө айыл аймагынын башчысы Багымбаев Болот, алдыдагы иш-пландары менен тааныштырды.
Токтогул районунда, жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу жана болтурбоо максатында жыйын өттү. Ички иштер кызматкерлер тарабынан, ата-энелерге, окуучуларга, мугалимдерге окуучулардын коопсуздугу күчөтүлгөн тартипте, көзөмөлгө алынары айтылып эскертилди.
Токтогул районунун Чоң-Арык айылында ички жолдор ондолууда. Айыл тургундарынын салымы менен ички жолдорго кум, шагыл төгүлүп, таштандыларды тазалап, бак-дарактар кыйылып, көчөлөр кеңейтилип, чакан көпүрөлөр салынып жатат.
Токтогул районунун Чоң-Арык айылында Сары-Булак каналын тазалоо иштери жүрүп жатат. Сары-Булак каналын тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн “Кетмен-Дөбө таза аймак” муниципиалдык ишканасынын кызматкерлери, атайын бөлүнгөн техника менен иш алып барып жатышат.
Бүгүн Кетмен-Дөбө аймагында 9-май Улуу Жеңиш күнүнө карата иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Кетмен-Дөбө айыл аймагынын өкмөт башчысы Болот Багымбаев,мекеме ишканалардын жетекчилери жана айыл аксакалдары катышты.
6-майда Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Акылбек Тюкебаевдин жетекчилигинде жыйын өткөрүлдү.
“Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы” жөнүндө Президенттин жарлыгынын негизинде Токтогул районуна караштуу Кетмен-Дөбө айыл аймагынын, айылдык кеңешинин депутаты Сүйүнтбек Жолдошовдун демилгеси менен уюштурулган, мектептер аралык волейбол жана футбол …
Жогорку Кеңештин депутаты Сулайманов Кундузбек Токтогул районунун бир катар айыл аймактарын кыдырып айыл тургундары менен жолугушуу өткөрдү.
Токтогул шаарынын маданият үйүндө Нооруз майрамына арналган иш-чара өттү. Концертте Токтогул балдар чыгармачылык үйүнүн комузчу кыздары комуз чертип, Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн шайыр апалары ыр ырдап, мектеп окуучулар тарабынан бий бийлешип майрамдык …
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 20-майындагы №157 «Улуттук нарк жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу максатында №12 Курама уулу Турусбек мектебинде 5-класстын ата-энелеринин арасында Сармерден оюну өткөрүлдү.
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн Терек-Суу айылында жергиликтүү тургундардын колдоосу менен Арис программасынын негизинде №12 Курама уулу Турусбек мектеби заманбап технологиялар менен жабдылды.
Токтогул районунуна караштуу Терек-суу айыл аймагында аким менен элдин жолугушуусу болуп өттү. Чогулушта бириктирилген эки айыл өкмөттүн жаңы башчысы шайланды. Эки айыл башчыларынын 2023-жылдагы аткарган иштери боюнча маалымат берилди. Ошондой …
Токтогул районунун, Ак-Тектир айылында кыз-келиндер, апалар, айыл элинин ден соолугун чыңдоо үчүн зал ачылды. Ден соолукту чындоочу залы Швейцария өкмөтү тарабынан «Кыргызстанда жугуштуу эмес ооруларды натыйжалуу башкаруу алдын алуу» долбоору …
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, залкар обончу жана аткаруучусу Рыспай Абдыкадыровду эскерүү менен чыгармаларына арналган «Рыспайдын ырларын ырдайбыз» аттуу Жалал-Абад облустук кароо-сынак болуп өттү.
Чолпон-Ата,Кетмен-Дөбө аймактарынын жергиликтүү кеңештери бириктирилип,жергиликтүү кеңештин төрагасын шайлоосу болуп өттү. Шайлоого бириккен Кетмен-Дөбө айыл аймагынын 41 депуттатары катышты. Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен 20дан добуш алып Анаржан Жумалиева бириккен Кетмен-Дөбө …
Токтогул районундагы №2 Бөкөнбаев орто мектебинде «Манас таануу» интеллектуалдык таймашынын райондук туру өткөрүлүп, ага жалпы 40 мектептин командалары келип катышып күчтөрүн сынашты.
Токтогул районунун мамлекеттик администрация залында көп балалуу энелерге сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү.Сыйлыкты тапшыруу үчүн райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Акылбек Тюкебаев катышып, райондун аймагындагы «Баатыр эне»орденине ээ болгон 33 жана …
Терек-суу айылынын тургуну Мырсырайымова Гулнур өзүнүн үйүнө кыз-келиндер үчүн машыгуу залын ачты. Алгач өз ден-соолугуна кам көрүүнү каалаган каарман башка айылдаштары үчүн дагы фитнес залын түзүүнү колго алган. Учурда жумасына …
2006-жылдан бери “Алина” кафесин иштетип келе жаткан Дилдекан Кожокеева, бир гана кафе иштетпестен, бир канча жылдан бери, айыл тургундарынын купулуна толгон таттуу шириндиктерди жасап келет.
Гапыр Мадаминов 17 китептин автору болсо, Анара Тууганбаева 8 китебин окуп чыккан. Китепти окугандан кийин өзүнүн бала тарбиялоодо, мугалимдик кесипте көп катачылыктарды кетиргенин билген. Жумуштан чарчап келгенде жасалбаган жумуштар үчүн …