Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Автор: akbakai

Сүрөт: М2 насостук электр станциясы авариялык абалда

Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылынын жашоочуларын 100 га ашык айдоо жерлерин агын суу менен камсыз кылуучу М2 насостук электр станциясынын чатыры урап тамчы тамып калган. М2 насостук станциясы ар дайым …

Көк бөрү жаштардын эң сүйүктүү оюнуна айланууда

Токтогул районунда Көк бөрү федерациясы түзүлүп, федерацияны колдоо максатында Токтогул району боюнча айыл өкмөттөр көк бөрү оюнун жер-жерлерде өткөрүп беришүүдө. Кезектеги оюн Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүндө өткөрүлдү.

Токтогулда бардык мектептер кадимки режимде окуп баштады

Токтогул райондук жарандык коргонуу боюнча кезектеги штаб-кеңешмесинин чечими менен Токтогул районундагы бардык орто билим берүүчү мектептер кадимки режимде окуп башташты.  Штаб-кеңешменин чечими боюнча мектептерде баардык санитардык режимдер сакталыш керек.

Текшерүүдөн кийин мектеп убактылуу жабылды

Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылындагы №12 Турусбек атындагы орто билим берүүчү мектеби Токтогул райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык көрсөтмөсүнүн негизинде убактылуу жабылды. Себеби мектептин жылуулугу …

Токтогул: Карышкыр күч болууда

Токтогул районунда быйыл карышкыр күч болууда. Мунун себеби, кардын калың жаабаганы жана карышкырдын көбөйгөнү дейт жергиликтүү жашоочулар.

WhatsApp группаларда президентке кайрылуу тарап жатат

WhatsApp группаларда президент Садыр Жапаровдун атына телефондон ойнолуп жаткан оюндарды токтотуу боюнча кайрылуу кызуу талкуу менен тарап жатат.

Cүрөт: Токтогулга биринчи жолу кар жаады

2020-2021-жылдын кыш мезгилинде Токтогул районунда биринчи жолу кар жаады. Айлана чаң басып малдар да чаңдан жөтөлүп ооруп жаткан учурда айлана аппак карга айланды.

Чогулуш: Маданиятсыз тейлөө, бүтпөгөн мектеп, таза суу маселелери

Токтогул районунун  Чоң-Арык айылында  Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими Таалайбек Жайылов, Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Илиязбек Чороев жана  райондук мекеме жетекчилердин катышуусунда чогулуш болду.

Видео: Шайлоо учурунда бюлеттендер кайрадан салынды

Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылынын №2230 шайлоо участкасында өзү саноочу урнанын оператору баштапкы чекке шайлоо участкасынын номерин туура эмес киргизип койгондуктан бюлеттендер урнадан алынып кайра башынан салынды.

Токтогул: Абанын суук болуусунан шайлоо аппараттары иштебей жатат

Токтогул районунда бүгүн 9-январда шайлоого келе албаган жарандарга үйүнөн барып добуш берүү жүрүп жатат. Токтогул райондук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча аба ырайынын суук болгонунун себебинен идентификациядан өткөрүүчү аппараттар иштебей катып …

Кароосуз жер эс алуучу жайга айланды

Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылында аң-дөң болуп кароосуз турган жер, эс алуучу жайга айланды. Бул долбоор Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланган  «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоорунун алкагында «Хелветас» Кыргызстан уюму …

Токтогул эли ысырапкерчиликке каршы чыгышты

Токтогул районунда жаштар, аксакалдар кеңеши, активист айыл тургундары биригип, ысырапкерчиликке каршы акциясын өткөрүп жатышат. Жаңы-Жол, Торкен айыл аймактары жана Токтогул шаардык мэриясы маселени колго алып, жалпы эл менен чогулуштар өткөрүлдү. …

Видео: «Гуд Нейборс» Интернэшнл уюмунун жардамы

Токтогул районуна караштуу Бел-Алды айыл аймагында Гуд Нейборс Интернешнл эл аралык уюму акыркы 3 жылдан бери колдоо көрсөтүп келет. Уюм өзүнүн камкордугуна 973  баланы катоого алган жана 2020-жылы дагы 250 …

Видео: Майыптар күнүнө карата акчалай белектер таратылды

Токтогул районуна караштуу Бел-Алды, Жаңы-Жол, Кетмен-Дөбө айыл аймактарда 3-декабрь майыптардын  эл аралык күнүнө карата акчалай белектер таркатылды.

Терек- Суу айылындагы таштанды төгүүчү жай көйгөй жаратууда

Таштанды Бишкек шаарында эле эмес алыскы тоолуу айылдарда да көйгөйлүү маселе болуп келе жатат. Алардын бири Токтогул районуна караштуу Терек-Суу жана Чоң-Арык айылдарынын таштанды төгүүчү полигону.

Маек: «Биз конституция өзгөргөндөн эмес кадр алмашуудан өнүгөбүз»

Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылында аялдар кеңешинин төрайымы, жаштар кеңешинин мүчөсү, жергиликтүү кеңештин депутаты жана участкалык шайлоо комиссиясынын төрайымы менен бирге конституциянын өзгөрүшү боюнча талкуу өткөрүлдү.

Алыскы жайытка баруучу көпүрө салынды

«АРИС» уюмунун колдоосу менен Кетмен-Дөбө айыл аймагына караштуу Жаңы-Арык калктуу конушунан Тамга-Терек жайлоосуна баруучу жолго жаңы технология менен көп жылга туруштук бере ала турган сапаттуу көпүрө салынды.

Сүрөт: Замандын талабына ылайык кой жуут пункту салынды

Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылынын Тытты конушуна койлорду жаман илдеттерден арылтып, жуунту үчүн кой жуут пункту салынды.

Фото: Айылда балдар карантин учурунда

Өзгөчө кырдаал учурунда Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылындагы жаш балдардын онлайн окуусу жана убактысын кантип өткөргөндүгү жөнүндө төмөнкү сүрөттөрдөн көрсөңүз болот.

Кетмен-Дөбө айыл аймагынын калкына COVID-19 учурунда берилген жардамдар

Токтогул районуна караштуу Кетмен-Дөбө айыл аймагында жашаган жардамга муктаж болгон айыл тургундарына карантин учурунда гуманитардык жардамдар берилди.

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...