Токтогул районунда жаштар, аксакалдар кеңеши, активист айыл тургундары биригип, ысырапкерчиликке каршы акциясын өткөрүп жатышат. Жаңы-Жол, Торкен айыл аймактары жана Токтогул шаардык мэриясы маселени колго алып, жалпы эл менен чогулуштар өткөрүлдү.

Жаңы-Жол айыл аймагындагы эл менен болгон чогулуш
Чогулушта маркумду узатуудагы, жетилик, кыркылык, жылдык, кийит кечелерди кыскартуу боюнча маселелер айтылды.

Чогулушка катышкан аксакалдар
Чогулушта ысырапкерчиликти азайтуу максатында элге түшүндүрүү иштерин жургузүү үчүн атайын комиссиялар түзүлдү.

Чогулушта ыссык тамак уюштурулду
Нурбек Мырсырайымов