Кыргызстандык футболист, тагыраак айтканда Токтогул районунун Жаңы-Жол айылында 2000-жылы туулган Алыкулов Гүлжигит Жаныбекович Азия чөлкөмүндө экинчи ирет «Апта оюнчусу» болуп табылды. Бул тууралуу Азия футбол конфедерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Гүлжигит Алыкуловдун Казакстан премьер-лигасындагы «Жетису» клубуна киргизген голу жана голдук топ ашыруусу АФКнын сайтына добушка коюлуп, күйөрмандардын 51,21 % добушун алган.
Белгилей кетсек 3-мартта Казакстан супер кубогунун жарым финалында «Кайрат» жана «Тобол» командалары беттешип, Гүлжигит Алыкулов голдук топ ашыруу жана кошумча мүнөттө гол киргизүү менен эсепти 3:3 кылып теңеген. Бул көрсөткүчү менен дагы 20 жаштагы футболчу «Жуманын оюнчусу» наамына татыган.
Нурбек Мырсырайымов