Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Автор: oogantalaa

Токойду коргоо көйгөйлөрү тууралуу жаш журналисттер билим алышты

«Camp Аlatoo» долбоору уюштурган Ооган-Талаа жамааттык мультимедиа борборунун жаш журналисттерине токойду коргоо, андагы көйгөйлөрдү массалык маалымат каражаттарында туура чагылдыруу боюнча 2 күндүк окутуудан өттү.

Жергиликтүү калкты көз дарыгерлери акысыз текшерди

Базар-Коргон районундагы Могол айыл аймагынын алты айылы үчүн Кызыл Ай коому уюштурган «Ден соолук кербени» долбоору тарабынан жергиликтүү элди көз дарыгерлер текшерүүдөн өткөрүштү.

Видео: Дашман коругунун абалы

Базар-Коргон районунда Арстанбап айыл аймагына караштуу Дашман коругу жөнүндө маалымат топтоп, коруктун абалы менен кабарчылар таанышып келген.

Могол айыл аймагында ачык асманда дебат өткөрүлдү

Могол айыл аймагында дебаттык турнир өтүп, ага 32 команда катышкан. Сузак районунан Ленин, Атабеков, Базар-Коргон районунан Талдуу-Булак, Могол, Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтүндөгү атайын түзүлгөн жумушту топтун мүчөлөрү дебат ойношту. Пандемияга байланыштуу …

Сүрөтбаян: Жайында жылдын төрт мезгилин көргөзгөн Көл-Купан

Көл-Купан Жалал-Абад облусунда, Багбаш-Ата чокусунун артында деңиз деңгээлинен 2838 м бийиктикте жайгашкан.

Жаштардын активдүүлүгүн көтөрүүдө жергиликтүү бийликтин ролу

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык Кыргызстанда 1,6 млн жаштар  (жаш курагы 14-28) жашайт. Алардын 30% шаарларда, ал эми 70% айыл жергесинде отурукташкан. Могол айыл өкмөтүндөгү жаштардын активдүүлүгү кандай? Мамлекттик деңгээлде …

Пандемияда аялдар зомбулукту көп көрдү

2020-жылдагы пандемия мезгили көп үй бүлөлөрдү сынады. ИИМдин статистикасын карасак-2020-жылдагы 9025 учурдун 944 гана сотто каралган, бул 11-12%. Калган фактылар жазасыз калып же ич ара чечишип алган учурлар болду.

Пандемияда кызматкерлерди кыскартууга туура келди

2020-жылдын 16-мартында башталган пандемия азыркы күнгө чейин ишкерлердин ишине тосколдуктарды жаратып, кыйын кездерди өткөрүп жаткандай.

Эмдөөнү каалоосу менен алышат

Могол айыл аймагында май айынан баштап эмдөө башталды. Эмдөөнү элди тейлеген мед кызматкерлер, мугалимдер, балдар бакчалардын кызматкерлери алуусу керек.

Моголдо канча депутат мандат алды?

Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаттарына мандаттары тапшырылды. Жергиликтүү кеңештин депутаттары кимдер? Мандат алган жаңы депутаттар менен алдыда таанышыңыз. Азимжан Мырзаев: «Мен Базар-Коргон районунун шайлоо комиссиясынын ыкчам топ …

Аудио: Айыл өкмөттүн чыгашаларын жергиликтүү кеңештин депутаттары текшере алабы?

Жергиликтүү кеңештин депутаттары айыл өкмөттүн чыгашаларын текшере алышабы? Бул суроо менен Могол айыл аймагынын депутаттарына кайрылдык. Алардын пикирин «Ачык өкмөт» уктуруусунан угуңуз. «Биз жергиликтүү кеңештин депутаттары экономикалык өнүгүү планына киргизген …

Ооган-Талаа: Айылда СOVID-19 катталган жок

Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагындагы айылдарда СOVID-19 учурда катталган эмес.

Могол айыл өкмөтү жазга карата алгылыктуу иштерди аткарды

Ооган-Талаа айылында жаздын келиши менен көп иштерди аткарылды. Аткарылган иштер боюнча айыл башчынын айтымында эң көйгөйлүү болгон сел коркунучунун алдын алып, сел арыктарын тазалап, ички көчөлөргө шагыл төгүлдү.

COVID-19: Оорудан сактанып учурашпай калдык

Могол айыл аймагындагы Ооган-Талаа айылында пандемия мезгилинде кары-картаңдардын абалы кандай экендигин билүү үчүн кайрылдык.

Сүрөтбаян: Кызгалдак гүлдөгөндө атайын сүрөткө түшкөнү келишет

Базар-Коргон районуна караштуу Кайырма айылында май айында өзгөчө кооздукка бөлөнгөн кызгалдактуу талаа бар. Ал жерге май айында атайын кызгалдак гүлдөрүнүн арасында сүрөткө түшүү үчүн келишет.

Жайыт комитети кандай иштерди аткарып жатат?

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Могол айыл аймагына жети айыл кирет. Жети айылдан 30 ашуун жайыт жерлерин пайдалангандар бар. Ал эми жайыт комитети ишин кандай алып барып жатат? Жайыт жерлер үчүн …

Могол: Айыл өкмөтүнүн аткарган иштери

Ооган-Талаа айылынын айыл өкмөтү жаздын келиши менен бир топ ишти аткарууга жетишкен. Айыл башчынын айтымында эң көйгөйлүү болгон сел коркунучунун алдын алып, сел арыктарын тазалап, ички көчөлөргө шагыл төгүлдү.

Базар-Коргондо китеп күнү белгиленди

Базар-Коргон районундагы мектептерде «Окуу керемет» долбоору тарабынан уюштурулган китеп күнү белгиленди.

Жалал-Абад: Аймактагы журналисттер окуудан өтүштү

Жалал-Абад шаарында коомдук кеңештер, көз карандысыз жарандык активисттер, жергиликтүү жана улуттук деңгээлдеги массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда «Ачык коомчулук-ачык ЖМК» долбоору тарабынан уюштурулган окуу болуп өттү.

Cүрөтбаян: Токойдогу жаз

Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылындагы Үч-Кол токоюндагы жаздын келишин сүрөтбаяндан көрүнүз.

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...