Кыргызстанда аял затынын учурдагы саламаттыгы көйгөйлүү маселелердин бири. Бир топ жылдан бери, өлкөдө аялдардын ден-соолугунун начар абалы боюнча ар түрдүү кептер айтылып келет. Мунун себеби катары мамлекеттин өз жарандарынын саламаттыгына жетиштүү салым кошо албай жаткандыгы, жетиштүү жумуш орундары менен камсыз боло албай, үй-бүлөдөгү каражаттын жетишсиздиги да буга себепчи. Муну менен катар адистер аялдардын өз ден-соолугуна жеткиликтүү кам көрбөгөндүгүн мисал келтиришет. Жумушсуздуктун айынан кыз келиндер башка чет өлкөгө жумуш издеп барып ар кандай ооруларга чалдыгышат. Ал жакта каттоодо турбагандыктан ооруканага кайрыла алышпайт. Өз алдынча дарыланып, оорулары күчөп кеткен учурлар катталууда.
Мамлекеттик Милдетүү Медициналык камсыздандыруу фондусунун врач-эксперти Сариева Лилиянын айтымында, өлкөнүн бардык аймактарында ушундай маселелер бар. Ооруну дарылагандан көрө анын алдын алуу жеңилирээк деп эсептейт.
“Аялдар үй-бүлө, балдар деп жүрүп көп учурда өз ден-соолуктарына кам көрүшпөйт. Мындай кылуу өтө жаман нерсе андан көрө ооруканаларга барып, бир жылда бир жолу үй-бүлөлүк врачтарга келип медициналык кароодон өтүп туруш керек.Ооруну дарылагандан көрө анын алдын алган жеңил”.
Статистикага кайрыла турган болсок, Кыргызстанда маалыматтар боюнча 2018-жылдын акыркы 9 айынын ичинде төрөттөн, төрөттөн кийинки мезгил ичинде 41 кош бойлуу аял каза тапкан, эне өлүмүнүн көрсөткүчү 100 000 тирүү төрөлгөндөргө 35 түзгон 2017-жылдын ушул эле мезгилинде 36 аял каза тапкан, буга башкы себеп аялдардын кош бойлуу учурунда аз кандуулук менен жабыркагандыгы. Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк уюмунун расмий изилдөөсүнө караганда аялдар менен жаш балдардын 20 пайыздан ашыгы туура тамактанбайт, 40 пайызы медициналык китепчеде “анемия” деп жазылган.
Сатылганова Анаркан көп жылдан бери Суусамыр айылдык ооруканасында аялдар кабинетинин медайымы болуп эмгектенет, анын айтымында аялдардын ден-соолугу начар абалда аз кандуулука дары жазып берсе кээ бир аялдар дарыны өз убагында ичпей жүрө беришет дейт.
“Учурда Суусамырда аялдардын ден-соолуктары начар. Баары анемия биз аларга аз кандуулука каршы дары жазып беребиз, кээ бири дарыны ичпей коюшат азыр келиндер анемия менен төрөп жатышат. Дарыны төрөгөнгө чейин жана төрөгөнгөндөн кийин дагы ичиш керек”.
Ошондой болсо дагы аялдар эркектерге салыштырмалуу өз ден-соолугуна көбүрөөк кам көрүшөт. Бул тууралуу Суусамыр айылындагы айылдык ден-соолук комитетинин төрайымы Кулсариева Чолпон айтып берди. Айылдык ден-соолук комитети калкты кыдырып адамдардын ден-соолугун текшерүүдөн өткөрүп турушат.
“Аялдар эркектерге караганда ден-соолуктарына кичине болсо дагы кам көрүшөт, бирок ошондой болсо дагы оорудан арыла албай келишет. Кан басымдары жогору бөйрөк оорулары, эмчек оорулары, муун оорулары менен оорушат.”
Адистердин айтымында аялдардын ден-соолугунун мыкты деңгээлде болушу өлкөнүн өнүгүшүнө түздөн-түз көз каранды, ал үчүн көптөгөн аракеттер, ден-соолукту чыңдоо боюнча мамлекеттик программалар кабыл алынышы керек ошону менен бирге аялдар өз саламаттыгына кайдыгерлик менен карабай олутуу мамиле кылуулары кажет.
Даярдаган: Анарбек Калдыков