Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, учурда эркектердин ден соолугу абдан начар. «Ушул тапта эркектерди дарылоодон көрө ар кандай оорулардын алдын алууга артыкчылык берилип жатат. Анткени, эркектер аялдарга салыштырмалуу 10-15 жылга азыраак жашайт. Буга эркектердин дарыгерге абдан кеч кайрылганы себеп болууда. Ошондой эле перзентсиз үй-бүлөлөрдүн 40-60 пайызынын негизги себеби — эркектердин тукумсуздугу.
Кыргызстанда эл аралык уюмдардын көмөгү менен эркектердин ден-соолугуна арналган жумалыктар акыркы жылдары байма бай өткөрүлүп келе жатат. Бул иш чарада эркектердин ден-соолугу акысыз текшерилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт Бирок мындай аракеттер азырынча натыйжа бере элек. Кыргыз Мамлекеттик Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусунун врач-эксперти Сариева Лилиянын айтымында, эркектердин учурдагы саламаттыгы начар мындай жыйынтыка аймактарды кыдырып калктын ден–соолугун анализдеп келгенден кийин келген.
“Эркектер ден-соолугуна көбүрөөк караш керек анткени Кыргызстанда эркектер өздөрүнүн ден-соолугуна көңүл бурушпайт, учурунда келишпейт. Мен эркектерге кеңеш катары айтат элем өзүңүздөрдү караңыздар”
Кулсариева Чолпон Суусамыр айылдык ден-соолук комитетинин жетекчиси. Алар өз пландарына ылайык Суусамыр аймагындагы айылдарды кыдырып калктын ден-соолугун текшерүүдөн өткөрүп турушат. Анын айтымында эркектер ооруп жатышса дагы ооруканага барышпайт, оору күчөп айлалары кеткенде гана кайрылышат.
“Эркектер Суусамырда ден-соолуктарына көп учурда карашпайт, оорулары күчөп кеткенде гана айлалары жок ооруканага кайрылышат. Негизинен Суусамырда эркектер кан басымы жогору өпкө оорулары, ашказан, простатит, муун оорулары менен оорушат”.
Мына ушундай мамилеге, сюжет даярдалып жаткан учурда кездештик анткени айылдагы эркек тургундардын ден-соолуктары тууралуу оюн билүүгө келгенде, эркектер өз ойлорун айтуудан качып жатышты. Айрымдары айылда эркектердин ден-соолуктары жакшы деген оюн айтышты.
“Суусамырдагы эркектердин ден-соолуктары жакшы эле го деп ойлойм, анткени шаар жергесиндеги эркектерге караганда биз таза тамак-аш менен тамактанабыз”.
Адистердин айтымында, мамлекет бул маселеге көңүл буруп атайын программаларды иштеп чыгыш керек. Кыргызстандагы Саламаттыкты Сактоо Мнистирлигинин штаттан тышкаркы башкы урологу Акылбек Усупбаевдин айтымында, мамлекеттик деңгээлде бир нече түрдүү улуттук программалар бар. Мисалы, энени жана баланы коргоо боюнча, репродуктивдүү ден соолук маселелери боюнча. Бирок анын эч жеринде эркектердин көйгөйлөрү айтылбайт. Аялдарга салыштырмалуу эркектердин орточо жашоо узактыгы кыскарды. Жыл өткөн сайын бул процесс күчөп бара жатат.»
Даярдаган: Анарбек Калдыков