Сокулук районундагы Жал айылынын Мамыралиев атындагы гимназия орто мектебинде аяз атанын жардамчылары окуучулардын кыялдарын орундатып, белектерди тапшырышты. Мындай иш чара мектепте биринчи жолу болуп өттү.
Учурда ишкердүүлүк менен алектенген Жал айылынын тургуну Асан Исмаилов балдарга майрамдык маанай тартуулоо үчүн келип белек тараткандыгын айтып өттү:
«Биздин мектепке келгенибиздин максаты, «аяз атага кат жазган балдардын Жаңы жылдык маанайын көтөрүү. Мына бүгүн өзүм окуган мектепке келип, окуучулук күндөрүмдү эстедим. Бизди окуткан мугалимдерди көрө алган жокмун. Жаш мугалимдер көп экен. Мугалимдерге ден-соолук каалайм. Балдарга жакшы окугула билим өзүнөргө керек болот демекчимин. Катка жазылган балдардын кыялдарын толугу менен аткара албай калдык. Негизинен биздин аракетибиз балдардын жаңы жылдык маанайын көтөрөлү дегенбиз. Быйылкы аткарылбаган ойлорубузду кийинки жылы ишке ашырабыз,»- деп өз оюн толуктады.
Берметкан Исабекова тарых сабагынын мугалими, аяз атанын жардамчыларына ыраазычылык билдирди:
«Менин классымдын окуучулары аяз атанын жардамчыларынан белектерди алышты. Окуучуларым аяз атага кат жазышкан. Катта кыялдарында аткарылбаган нерселерин айтышкан. Кыялдары жарым жартылай аткарылса да, аябай сүйүнүп жатышат, себеби баланын жан дүйнөсү ошол белектерди алуу, жылуу сөздөрдү угуу менен абдан байыйт. Окуучуларды унутпай келгенине ырахмат. Жаңы Жылыңыздар менен!»
Белек алган окуучулар кубанычын бөлүшүп, уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришти:
“Мен Айдар Казымов 6- классынын окуучусумун. Аяз атага кат жазгам. Себеби аяз ата жаш балдардын кыялдарын орундатат. Мага аяз ата берген белек абдан жакты. Маанайым аябай жакшы.
«Менин атым Мадина Алтынбек кызы 6- классынын окуучусумун, мен дагы аяз атага ишенип кат жазгам. Мага дагы аяз ата белегин берип жибериптир, белекти алганда аябай сүйүндүм. Себеби чыдамсыздык менен күткөм».
«Мен Ислам Болотов 6— классынын окуучусумун, мага аяз ата берген белек аябай жакты. Мен аяз атадан эки жылдан бери бөйрөгүм ооругандыктан, ден- соолук ала келүүсүн сурагам. Аяз атага да ден- соолук каалап, чоң ырахматымды айтып кетем».
«Мен Саламат, 2— классынын окуучусумун. Мен аяз атага ишенип кат жазгам. Ишенгеним орундалды, мени да унутпай белек берип жибериптир».
Даярдаган: Мээрим Барманова, Гүлайым Асанбекова.