Албетте азыркы учурда оорулардын саны арбын, алардын арасынан сасык тумоо оорусу айрыкча кышкы учурларда көптөгөн адамдарда кезигет. Бирок азыркы учурда алдын алуу , сактануу үчүн көптөгөн ыкмалар бар эмеспи. Антсе да канчалык аракет жасап тырышпагын жогоруда айтып өткөндөй кышкы учурларда сасык тумоодон сактануу өтө эле кыйын. Мисалга алсак, мектеп окуучулары же бала бакчадагы кичине балдар сасык тумоо менен жабыркаган учурда ар бир ата-эне баласы үчүн сапаты жагынан жогору, ишеничтүү дарыкана издейт эмеспи. Алардын арасынан жогорку сапаттагы ар бир дарынын кепилдиги жана сертификаты менен болгон Талас шаарындагы эң эле көрүнүктүү “НЕМАН” дарыканасы өз кызматын көрсөтүүдө. “НЕМАН” дарыканасынын мүдүрү Жийде Осмоналиева бул тууралуу мындай дейт:
«Негизинен эле “НЕМАН” Талас шаарында 2007-жылы ноябрь айында ачылган, жана азыркы учурда он жылдын жүзү болду. Дагы бир билдирип кетчү нерсе, бизге келген дарылар текшерүүдөн өтүлүп ар бир дарынын сертификаты болуп, сактоо мөөнөтү жакындаганда борборубуз Бишкек шарынан дарыларды кайтарып берүү буйругу келет. Ал эми дарылар деги эле бизде сатылган товарлардын сапаты жана жарактуу мөөнөттөрү жагынан катуу каралган».
Албетте, баарыбызга маалым болгондой, “НЕМАН” дарыканасы башка дарыканаларга салыштырмалуу арзан баада жана дарылары сапаттуу жана келген кардарлар эмнени каалабасын, бардыгы бар.
Даярдаган: Толгонай Тимурова.