Нарын районуна караштуу Куланак айылында аз кандуулук менен ооругандар көп катталууда. Бул боюнча үй бүлөөлүк дарыгерлер тобунун клиникалык жетекчиси Сайрабүбү Асановага кайрылып, аз кандуулуктун кантип алдын алса болоору тууралуу сурадык.
Сайрабүбү Асанова бул оору коркунучту оору экенин, айрым тургундар кеч кайрылып жаткандыктан аларга жардам көрсөтө албай райондук ооруканага жөнөтүү керек болуп жатканын билдирди.

— Аз кандуулук бул жугуштуу оору эмес жана өзүнөн өзү эле пайда болбойт. Учурда мындай оорулар менен катталгандар көп болуп жатат. Эмне себептен көбөйүп кетиши мүмкүн десек, көрсө бул адамдардын өзүлөрүнөн болуп жатат экен. Анткени түрдөп тамак жасагандан эринип, күндө ичкен тамагын эле кайра-кайра иче беришет. […] Жазында организм алсыз болуп, башка ооруларды бат кабыл алат. Ошентип ооруп калат. Мындай ооруларды алдын алуу үчүн дайым эмдөөлөрдү жазап турабыз.

Дарыгердин кеңеши
— Биринчиден, бизге өз убактыларында келишсе деп айтаар элем. Ар бир ооруну белгилери болот. Мисалы, грипп болуп ооруган адам абдан алсыз болуп, эч нерсеге көңүлү келбейт, чүчкүрөт. Ушул белгилер билинсе эле кайрылышса.

Дагы айта кетчү нерсе, аз кандуулук оорусу менен оорубаш үчүн дайым витаминдүү тамактарды көп-көп ичиңиздер. Жашылча-жемиштерге, мөмө жемиштерге көп көңүл бурбайбыз. Мындан кийин дайым ичип, жеп туралы демекчимин.

Автор: Дилде Шатан кызы
Тренер: Ырысбай Адамалиев
Сынак үчүн