Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинде жаштар арасында «Ата-энеме» аттуу концерттин бет ачаары болду. Концертти ушул мектепте окуп кеткен, учурда Ош мамлекеттик университетинде билим алып жаткан Элнур Абибилла уулу уюштурду.
Бул концертте Элнур Абибилла уулу, Нурмамбет Арун уулу, Азиретали Айдарали уулу, Даниэл Канатбек уулу, Муратбек Алтынбек уулу, Эрболсун Баратали уулу, Баян жана башкалар ыр тартуулашты.

Концерттин алып баруучусу Муратбек Алтынбек уулу иш-чаранын максаты окуучулардын өсүп өнүгүүсүнө жана алдыга максат коюусуна түрткү берүү экенин айтып өттү. «Жаз алдында да келип тренинг өткөрүүнү пландаштырып жатабыз», — деди Алтынбек уулу.

Концертке күбө болгон көрүүчүлөр айрым кемчиликтерине карабастан иш-чара жакшы өткөнүн айтышты.

Концертке катышкандардын бири Нурмамбет Арун уулу «Азыркы концерт менен эле чектелип калбай, дагы башка иш-чараларды уюштурууну пландаштырабыз. Концертте ырдаган балдарга чоң чоң ийгиликтерди каалайм» деп айтып өттү.
Дярдаган: Эльвира Садирали кызы
Редактор: Хусейин Курсантбек уулу
Сынак үчүн