Нокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов мектебинде мугалимдер арасында «Мыкты мугалим» сынагы болуп өттү. Сынакка катышкан 11 жаш мугалимдин арасынан Гүлзат Алимбаева жеңүүчү деп табылды.
Чечүүчү турда үч мугалим алдыга озуп чыкты. Жыйынтыгында 1-орунду музыка мугалими Гүлзат Алимбаева, 2-орунду Айнагүл Боронбаева алса, 3-орунга Гүлмайрам Токурова татыды.



Калыстар тобунун мүчөсү жана аталган мектептин мугалими Айчүрөк Абдразакова «Мугалимдердин даярдыгы жакшы. Мыктысы алдыга озуп чыгат деп ойлодум эле, ошондой болду» деген оюн билдирди.

Калыстар тообунун дагы бир мүчөсү Мубара Кадырованын айтымында, жеңип чыккан мугалим эми зоналык сынакка катышмакчы. «Биринчиликти алуусун каалайбыз» деп кошумчалады ал.
Даярдаган: Эльвира Садирали кызы
Редактор: Хусейин Курсантбек уулу
Сынак үчун