Нарын районуна караштуу Куланак айылынын жаш тургундары Тилек Чыңгызов жана Байэл Кадыралиевдер кардан автомашина жасашты. Машинанын айкелин алар 20 күндө жасап бүтүшкөн.
Куланактагы Абдылда Аралбаев орто мектебинде билим алган Байэл менен Тилек көлөмү кадимки эле машинадай болгон айкелди кардан жасашкан.

Байэл 11 жашта. Кандайча кардан айкелди жасап калганы боюнча буларды айтып берди.
— Бул айкелди 20 күндө жасадык, анан суу чачкандан кийин үч күн тоңдурдук. Биз өзүбүз эле ойлонуп жасадык. Баары даяр болгондо боёдук. Боёкторун атам өзү алып берди.


Азыр айкел дээрлик даяр болуп калды.
Айкелдин авторлорунун бири 13 жаштагы Тилек машинаны жасоодо көп кыйынчылыктар болгонун айтты.

— Айкелдин идеясы өзүбүгө таандык. Автомашинаны жасоодо атам, бөбөгүм жардам берди. Жазап жатканда күн суук, карды үйгөн, аны таптаган баары эле кыйынчылыктар болуп эсептелет. Буга чейин жасаган эмеспиз, бул биринчи айкелибиз. Мындан кийин дагы жасайбыз. Айкел жасаган абдан жакты.



Тилек жана Байэлге ийгилик каалап, башка балдарга бош убактыларын пайдалуу бир нерсе менен алектенип өткөрүшсө демекчибиз.

Даярдаган: Мырзайым Айдарбекова
Редактору: Ырысбай Адамалиев
Сынак үчүн