Лейлек районуна караштуу Сары-Дөбө орто мектебинде 26-январь күнү кышкы оюндар боюнча мелдеши өткөрүлдү. Кышкы оюндарга 5-11-класстын окуучулары катышышты.
Окуучулар чана тебүү, аркан тартыш, топ менен чуркоо жана башка оюндун түрлөрү боюнча таймашышты.

«Окуучулар бардык оюндарды шамдагайлык менен аткарышты. Бул мелдештин максаты — окуучулардын ден соолугун чыңдоо, аларды аз да болсо спортко кызыктыруу болду», — деп билдирди Сары-Дөбө орто мектебинин спорт министри Белек Абдыкалык уулу.

Мелдеш эки бөлүктөн туруп, алгач 5-6-7-класстар мелдешип 7-класс жеңишке жетишти. Андан соң 8-9-11-класстар мелдешип жыйынтыгында 11-класс утуп алышты. Жеңүүчү класстарга акчалай байгелер тапшырылды.
Даярдагандар: Гүлбарчын Умурзакова, Акшоола Рустамова
Редактор: Аймир Каныбекова