19-май күнү Баткен шаарында жергиликтүү деңгээлдеги чыр-чатактарды жана тынчтыкты талкуулаган маанилүү иш-чара өттү. Бул БУУнун Тынчтык куруу фонду тарабынан каржыланган жана Жамааттык ЖМКлардын Бирлиги тарабынан ишке ашырылган БУУӨП менен ЮНЕСКОнун биргелешкен долбоорунун бир бөлүгү.
Иш-чаранын максаты — улуттук өнөктөштөр менен социалдык биримдик жаатындагы саясатты жана ченемдик укуктук актыларды талкуулоо жана долбоордук сунуштарды түзүү.
Иш-чарага коомдук консультациялык кеңештин мүчөлөрү, Баткен шаардык муниципалитеттеринин өкүлдөрү, мамлекеттик администрациялардын кызматкерлери жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.
Иш-чара фокус-топтук дискуссия форматында өтүп, анда катышуучулар өз жамааттарындагы негизги көйгөйлөрдү жана чыр-чатактарды талкуулап, алдардын келип чыгуу себептерин жана кесепеттери менен бөлүшүп, ошондой эле аларды чечүү жолдорун сунушташты.