Суусамыр айылындагы Конушбаев Кадырбек атындагы Суусамыр орто мектебинде 25-май “Акыркы коңгуроо” майрамы болуп өттү. Быйылкы 11-классынын бүтүрүүчүлөрү абдан толкундануу менен бирге салтанаттуу майрамды жогорку деӊгээлде ѳткѳрүштү.
11-классынын эӊ алдыӊкы окуучулары Самар кызы Зыйнат жана Токтогулова Мээрим, ал эми 1-класстын эӊ мыкты окуучулары Кадыржанова Айдатка жана Зарыпбек кызы Уулжан коӊгуроо кагышты. Бул күнү бул мектепти аяктаганына 20 жылдын жүзү болгон, жыйырма жылдык эже-агайлар да келишти.
Кулуева Жийде бул майрам жогорку деӊгээлде ѳттү деген ойдо:
«25-май Республика боюнча “Акыркы коӊгуроо” салтанаты ѳтүп жатат. Конушбаев Кадырбек атындагы Суусамыр орто мектебинде да салтанаттуу тизим ѳттү. Бүгүнкү 2018-жылдын бүтүрүүчүлѳрү абдан жакшы даярданышыптыр, жасалгалары дагы абдан жакшы. Бүгүнкү күндѳ 34 окуучу бүтүп жатат, алардын класс жетекчиси Байгазиева Чынара. Бүтүрүүчүлѳргѳ каалоо-тилегим жакында эле ОРТ тапшырып келишти. Ошол ОРТ ларын эӊ жогорку бал менен тапшырып, ѳздѳрүнүн каалган окуларына ѳтсүн. Ошондой эле алдыда мамлекеттик сынак турат. Ошол мамлекеттик сынакты ийгиликтүү тапшырып алышсын. Келечекте ѳздѳрүнүн каалаган кесиптерине ээ болуп, кыргыз элинин кызматына жараган мыкты, алдыӊкы инсандардан болушуна тилектешмин»!
“Акыркы коӊгуроону” каккан, мектеп президенти, мектептеги үлгүлүү окуучу, “Парламент сүйлѳйт” радио сынагынан президенттер таймашынан биринчи орун алып, “Мыкты президент” деген наамды алган 11-классынын бүтүрүүчүсү, Самар кызы Зыйнат бардык эже-агайларга ыраазычылыгын билдирди:
“Мен 11-классын аяктап жатам. Негедир аябай толкунданып, чын эле 11-классты бүтүп кетип жатамбы деп, кечээ күнү эле мектептин ак босогосун аттап жаткан болсом, ал эми азыр алтын уябыз менен коштошуп жаткан учурубуз. Башкача сезимде болдук, ыйладык. Мурда 11-класстар бүтүп кетип жатканда ыйлап же болбосо кайгырышса, биз аларды түшүнѳ алчы эмеспиз, бүтүп кетип жатпайбы, жыргашпайбы депчи, азыр тескерисинче, биз мектебибиз менен кош айтышып, кеткибиз келбей жаткан учурубуз. Биз классташтарыбыз менен ушул кезге чейин ынтымакта болуп, жакшыны да бир бѳлүп, кайгыны да теӊ бѳлүшүп аябай жакын болуп калганбыз, алардан да ажыраш кыйын болду. Андан тышкары, “Акыркы коӊгуроону” кактым. Муну жакшы окуган окуучулар кагат эмеспи. Эже-агайларым мага ишенип чоӊ нерсени мага тапшыргандарына абдан ыраазымын. Бизди ушул кезге чейин тарбиялап, биз менен кошо күлүп, кошо кайгырып, баарыбыздын кыял-жоругубузга чыдаган эже-агайларыбызга тереӊ ыраазычылык билдиремин. Жана дагы менин класс жетекчим Байгазиева Чынара эжеге ѳзгѳчѳ тереӊ ыраазычылык билдирмекмин. Себеби, биздин кѳп нерселерибизге чыдап, ѳз баласындай жакшы кѳрүп, башкалардан коргоп, башкаларга уруштургусу келбей, ѳзү гана бизге жакшы сѳздѳрүн , акыл-насааттарын айтып, тарбиялап келди. Биз ал эжеден үлгү алып, эч жаман нерсе алган жокпуз. Бардык жакшы нерселерди үйрѳндүк . Андан тышкары эжебиз менен коштошуп жатып, аябай башкача сезимде болдук, эжебиз ыйлап жатса биз дагы кошо ыйладык. Эже-агайлар ар дайым ден- соолукта болушсун, бизге окшогон окуучулардын далайын окутуп, ар биринин ыраазычылыгын алып, бактылуу ата-энелик бакытты, жашоонун эӊ таттуу мүнѳттѳрүн каалайм, ар дайым бар болушсун, жана ошондой эле эже-агайларыбыз бизге берген билимин, бизге берген ар бир насаатын текке кетирбей, биз ѳз жашообузда ал эже-агайларыбыздын, ата-энелерибиздин эмгегин актайбыз деп убада берем!”
11-классынын алтындай болгон класс жетекчиси Чынара Байгазиева өзүнүн бүтүрүүчүлѳрүнѳ жакшы каалоо- тилектерин билдирди:
“Бул классыма 5 жылдан бери класс жетекчи болуп иштеп келе жатам, 11-классымда жакшы окуган окуучуларым абдан кѳп. Бардыгы 34 окуучу, мындан 22 кыз, 12 бала. Мен бул классым менен сыймыктанам! Ал эми бүтүрүүчүлѳрүмдү бүгүнкү 25-май “Акыркы коӊгуроо” майрамы менен чын жүрѳктѳн куттуктайм! Бул салтанаттуу күнгѳ 11-класс эӊ жакшы даярданышкан, жакшы-жакшы ырларды ырдашып, ѳздѳрүнүн жакшы жагын кѳрсѳтүштү. Ак мектеп уясынан келечекке умтулуп, бийиктикке талпынып учканы турган окуучуларыма кеӊ келечек, бакты-таалай, ар бир кадамын ийгиликтер коштосун демекчимин. Жана ошондой эле алдыдагы мамлекеттик экзаменди ийгиликтүү аяктап, ѳздѳрү тилеп жүргѳн бир кесипке ээ болуп, Суусамыр эли сыймыктанган дегеле кыргыз элинин туусун бийик кѳтѳргѳн белгилүү инсандардан болушуӊарга тилектешмин!”
Мектеп уясынан турмуш жолуна аттанып жаткан бүтүрүүчүлѳргѳ ачык асман, кеӊ келечек, билдиришүүдө.
Даярдаган: Назима Акишбекова