28-майда Суусамыр FM жамааттык радиосунун түз эфиринде «Демократия сааты» уктуруусунун алкагында «Жергиликтүү бюджеттин аткарылышы» тууралуу маек курулду.
Жергиликтүү бюджет талкууланды
Маектин жүрүшүндө жергиликтүү бюджет кайсы булактардан толукталат, дотациялык айыл өкмөтү деген эмне, коомдук угуулар тууралуу кеңири маалымат берилди. Эфирдин коноктору Суусамыр айыл аймагынын башчсы Урмат Отунчиев жана Суусамыр айылдык кеңешинин бюджеттик комиссиясынын төрагасы Зоодан Асаналиев болду. Андан тышкары, айыл тургундарына “Жергиликтүү бюджет туура сарпталып жатабы?” деген суроо берилип, элдерин ойлору угулду. Буга карата эфирдин коноктору жооп берип, айылдын бюджети ачык-айкын экендигин жана ар бир жаран бул тууралуу маалыматка жете ала тургандыгын баса белгилешти. Суусамыр айыл аймагынын башчысы Урмат Отунчиев жергиликтүү бюджет 3 жылдан бери кыйла жогорулаганын айтып, дотациядан чыгуунун жолдорун белгиледи.
Эскерте кетсек, бул уктуруу Кыргызстандагы Фридрих Эберт Фондусу тарабынан каржыланып, ишке ашырылууда.
Даярдаган: Анарбек Калдыков