“Чыгаан инсандар” долбоорунун алкагында биз сиздер менен Куланак айылынын кулуну, апрель революциясынын баатыры Кожобеков Рахатбек Маликович жөнүндө баяндамакчыбыз.
Өмүр баяны жана эмгек жолу
1965-жылы 6-сентябрда Нарын шаарынын Куланак айылында туулган.
1971-1972-жылдары Воронцовка айылында билим алган.
1977-1981-жылдары Нарын шаарындагы Чкалов, Куланак мектептеринде окуган. 1987-жылы Самара шаарындагы политехникалык институтунда окуган. 1989-жылдан баштап Бишкек шаарында башкаруу үйүндө иштеген. Бишкек шаарындагы монтаждоо компаниясын негиздеген. 2010-жылдын 7-апрелинде баатырларча курман болгон.

Рахат Кожобековдун агасы Кубан Кожобеков иниси жана турнир жөнүндө мындай дейт.
“2010-жылдагы кандуу революциясы биздин үй-бүлөбүзгө дагы кайгылуу күндү алып келди. Ошол кандуу окуяда менин жалгыз бир тууганым Кожобеков Рахатбек Маликовичтен айрылдым.
Бир тууганымдын жаркын элесин эскерүү максатында 2011-жылдан бери өз күчүм менен жыл сайын грек-рим курөшү боюнча өспүрүмдөр арасында, өзү туулуп өскөн айылы Нарын районунун Куланак айылында алгачкы убактарда Нарын райондук деңгээлде, ал эми 2014-жылы мамлекеттер аралык деңгээлге жеткире алдык.
Себеби,коңшулаш Казакстандан да жаш спортсмендер келишти. Өткөн, 2014-жылкы мелдештин ачылуу аземине Жогорку Кеңештин депутаты, грек-рим күрөшү боюнча республикалык уюмунан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын областындагы өкүлчүлүгүнөн, райондук деңгээлдеги мамлектеттик уюмдарынан, республикалык спорт комитетинин өкүлдөрү дагы катышып, кубө болушту».
Алгач мелдеш райондук деңгээлде өткөрүлсө, кийин республикалык, эл аралык деңгээлге чейин көтөрүүгө жетише алгандыгын Кубан агай баса белгилейт.
Көп кырдуу таланттын ээси, Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Аймкүл Асанбекованын Рахат Кожобековго арнаган ыр саптары
Жайдар мүнөз, жароокерим, жан курбум.
Жайдар мүнөз, жароокерим, жан курбум
Жаштык өттү, жаш өмүрдү гүлдөттүң
Адам деген асыл атын ардактап
Арабызда татыктуу дос жүргөнсүң
Жайдар мүнөз, жарык маанай жан курбум
Жакшы жашоо, эркиндикти туу кылдың
Сүтүн актап бапестеген энеңдин
Жериң үчүн намысыңа бек турдуң
Тамашөкөй, ак сүйлөгөн жан курбум
Таамай айтып, чындык үчүн бек турдуң
Тайманбастан жааган окко жамгырдай
Өз өмүрүң элиң үчүн сен кыйдың
Кайрылбастан, кадырлашым, жан досум
Жазмыш ушул, буйругу ушул тагдырдын
Элесиңди унутпайбыз эч качан
Эрдик кылдың түбөлүккө айтылган.
Материалды чогултуп даярдаган: Талантбек кызы Бегимай
Сынак үчүн