«Чыгаан инсандар» долбоорунун алкагында Куланак айылынын тургундары менен тааныштырууну улантабыз. Бишкек шаарындагы түрмөдөн качкандарды кармоо операциясында каза болгон Төлөбек Исмаилов тууралуу айтып бермекчибиз.
Куланак айылынын кулуну, кыргыз элинин сыймыгы болгон Төлөбек Исмаиловдун атасы Эсенбек ата менен уулу туралуу маектештик.

“Менин уулум ушул айылда июнь айында 1978-жылы туулган. Мектептин босогосун 1985-жылы аттап, 1995-жылы окууну бүтүп, Бишкекке кеткен. Өз күчү менен Дордойдо иштеп жүргөн кезде эле рукопашный бойго катышып, спорт менен машыкчу. Ошентип жүрүп эки коло медаль алып келди. Ошондо мен тууган уруктарды чакырып, элдин батасын алдым. Көп өтпөй эле, элдин батасы тийдиби 2-орунду, андан кийин 1-орунду алып келди».
Эсен атанын сөзүн угуп олтуруп, уулу өжөр, алдынан койгон максатына жетүү үчүн болгон күчүн жумшаганына ынандык.

“Эргешалиев атындагы академияда 7 жыл сырттан окуп жүргөндө эле Бишкектеги ички иштер министирлигинде уюшулган “Барс” деген ОМОНго кирген. Анан Американын элчилигин, Мария Ионовнаны төрт жыл кайтарган. Америкадан келип, ички иштер министирлиги Суранчиевди, Абдылдаевди, Куловду, Мелис Турганбаевди 2-3 жыл кайтарды. ОМОНдо инструктор болуп 15 жыл иштеген. Ортодон Баткен согушуна катышып “Эрдик” медалын алып келген. Уулум кызмат учурунда каза болгондон кийин “Даңк” медалын беришти».
Төлөбек Исмаиловду жерге берүү аземинде Ички иштер министирлигиненда кишилер келип, көп убадаларды берип кетишкенин агай мындай деп айтат.
“Жерге коюлгуча районодон, облустан губернатор муну аткарып тигини аткарып беребиз деп айтышкан. Мектептен бир класс, Куланак помунун атын берип, баардык жаганан каржылайбыз дешкен”. 

“Өлүп калгандан кийин беш жыл өткөн соң мораторий жарыяланып Куланак айылына, өзү жашаган көчөгө аты берилет деп айтты. ИИМ болсо колунан келген жардамдарын берип жатат. Миллион сом берип, алтын тамга менен атын карандашка жазып анын ачылышына барып келдим. Буюрса күзүндө там беребиз дейт».
Куланак айылынын астынкы көчөсүндөгү сайга көпүрө курулуп жатат. Ошол жөнүндө Эсенбек ата кененирээк баяндап берди.

“Мектеп берген классты деле каржылап коймокмун. Бирок балдарым менен кеңешип, аркы өйүз менен берки өйүздү бириктирип тургудай кылып көпүрө салууну чечтик. Буюрса бүтүп калды. Цементи, бетону, шагылы баары биригип 350 000 сомдун тегереги болду”.
Бир аз гана жумушу калыптыр, кооздолуп, банерлери коюлуп акталса айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берерин айтты.
“Ачылышына райондон, облустан чакырып туруп айыл өкмөтүнө өткөрүп берем. Бул тарыхта калсын. Мен салды болом. Бирок баламдын наамындагы көпүрө болот да”.
Баатырдын артында үч уулу калгандыгын айтты. Биз да алардын атасындай элине кызмат кылган уулдардан болушуна тилектешпиз.
Кош Төлөбек
Ак басып Теңир-Тоого кыш түштү
Теңир-Тоонун бир кулуну окко учту
Эне жашын, ата жашын тыя албай
Уулун жоктоп, капыс туруп боздошту
Курч мүнөзү Куланактын кулуну
Курчуп мизи Спецназда чыңалган
Элин коргоп, жерин коргоп ардайым
Дайым даяр, дайым бийик тура алган
Төлөбектин капыс окко учканы
Эл бозоруп жүрөктөрү сыздады
Каргыш катуу терористке кадалсын
Теңир-Тоомдун төгүп ташка муздагы
Динде-шайтан кирип алган башына
Дили кара эл ичине жамынган
Далай бүлүк эл журтуна түшүрсө
Багуу шартпы эл атынан жашыра
Андайларды атыш керек көрүнө
Тукум курут кылыш керек сөгүлө
Сүйрөп салып өлүктөрүн талаага
Койбош керек чыгым кылып көрүнө
Баш кесерлер түбөлүккө камалган
Багуусунда өкмөттүн болушкан
Түрмө ичинен качып чыгып тогузу
Төрт адамдын өмүр гүлүн соолуткан
Качкан. Көркоо кайгы салып элиме
Жети адам өлүп сөөгү көмүлдү
Жетим калып арт жагында балдары
Жесир калып аял жашы төгүлдү
Кош Төлөбек өлгөн жоксуң, шейитсиң
Өксүп өтүп. Эл журтуңду кейиттиң
Даңазалуу баатыр болуп өткөнүң
Кудай курган төрүндөсүң бейиштин
Даңкың чыгып, бул жашоодон өткөнүң
Өмүрлүк жар, балдарыңдын сыймыгы
Эрдик кылып, элиң үчүн кеткениң
Сен өлбөдүң түбөлүккө турасың
Элиң эстеп, элесиңде жашайсың
Эрлигиңди элге кылган кызматың
Тарых болду кыргыз эли сактоочу.
21.10.2015-жыл. Т. Шаршенбеков. Бишкек шаары.
Даярдагандар: Талантбек кызы Бегимай, Сарбагыш кызы Медина, Айзат Түмөнбаева
Сынак үчүн