Июнь айында Учкун айылына кетчү суу түтүкчөсү жарылган эле. Учурда суу түтүктөрүн оңдоо үчүн таза суу өчүрүлүп оңдолүп жатат.
Атайын айыл элине кулактандыруу берилип, 3-4 күнгө таза суу токтотулган. Таза суу бир жумага чейин берилбегендиктен оңдоо иштери жүрүп жаткан жерге барып, маек куруп келдик.
Суу түтүкчөсү жарылган жер каналдын жанында болгондуктан оңдоо иштерин жүргүзгөнгө тоскоол болуп жатыптыр. Суугат сууга кеткен каналдын суусу токтотулса да болбой ичиндеги суу сарыкбай жатканын айтат.
Учкун айылынын башчысы Максат Кулманбетов буларга токтолду.
— Бул суу түтүгү менен Учкун айылы толук пайдаланабыз. Бул линиянын эскилиги жеткен түтүктөр экен. Кайсы жылы курулганын билбейм. Жылыга эле ушундай, ар кайсы жерден жарылат. Былтыр аркы өйүздөн жарылган. Айыл өкмөттүн эсебинен жаңы түтүктөр алынып келип оңдоп жатабыз. Учурда эки айылда тең таза суу токтотулган. Токтотмойун иштөөгө болбойт. Дагы жакшы облустан техникалар жардамга келип, казып жардамдашышты. Буюрса суу түтүктөрүн оңдоп бүтсөк эле суу берилет.
“Суу түтүгүн оңдоодо көптөгөн кыйынчылыкка дуушар болдук. Жакшы эле суунун баарын токтоттук. Болгон жок. Айла жок Куланак айылынын суусун коё бердик. Каналдан нары кеткен суу түтүктөрүнө суу кеткен жок. Ошондо Учкун айылына суу жетпей калды. Атайын Нарындан да кишилер келип, комиссия түзүлүп, бир чечимге келдик. Буюрса сугат иштери бүткөндөн кийин, каналдын суусу токтосо, жери кургагандан кийин кайра ремонт болгону калды”, — дейт Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы Абай Калдарбек уулу.
Даярдаган: Талантбек кызы Бегимай, Сарбагыш кызы Медина.
Сынак үчүн