Учурда айыл чарба малдарынын арасында жугуштуу оорулар көп кездешет. Алардын айрымдары ооруну өз алдынча аныктай албай зыян тартышат.
Ак-Талаа райондук ветеринардык дарт аныктоо борборунун сектор башчысы А.Кубатова тез жугуучу шарп ыланы жөнүндө айтып берди.

Ак-Талаа райондук ветеринардык дарт аныктоо борборунун сектор башчысы А.Кубатова
— Шарп туяктуу жаныбарларда кездешчү эң коркунучтуу, тез тарай турган, курч өтүүчү оору. Бул ылаң калтыратмага чалдыккан, ооздун былжыр челин, желинди, буттарын терисин авталарга дуушар кылуучу ылаң болуп эсептелет. Оорунун эпизотологиясы көбүнчө малдардын жашына карабастан бодо мал, чочко, кой, эчки жана жапайы ача туяктуу жаныбарлар ооруйт. Ылаңдын негизги булагы болуп дарттуу мал болуп эсептелет. Вирус сырткы чөйрөгө көбүнчө ооздогу ыйлаакчалардын сары суусу, заарасы, сүтү менен бөлүнүп же жем чөптөн, шаймандардан, малчылардын кийими аркылуу тарап кетишине шарт түзөт. Оорунун клиникалык белгилери 2-7 күнгө созулат жана тез өөрчүйт. Бардык айыл чарба малдары ооруйт. Малдын температурасы 40 градуска чейин көтөрүлүп, тоют жебей калат. Малдын дарттанган жерлеринде ыйлаакчалар пайда болот. Ыйлаакчалар кой, эчкилердин салаасында, ал эми уйдун ооз көңдөйүндө, желинде, муундарында кездешет. Шарп оорусу менен бооз мал ылаңдаса, анда бала салып коёт. Бул негизи уйларда деле ушундай. Оорусу ырбап кеткен учурда мал өлүмгө учурайт.

— Диагноз лабораториялык жол менен коюлат. Андан кийин алгач ооздун ичин үч пайыз көк таш, уксус кислотасынын эритмеси, 20 пайыз балык майы ооздогу жараларды, исиркектерди айыктыруу үчүн колдонулат. Ал эми желиндин учундагы ыйлакчаларды жараларды дарылоо үчүн стрептоцидд, тетрацклин жана башка дары каражаттары колдонулат. Алдын алуу үчүн ылаңдаган малды өз убагында аныктап, дарылоо керек. Ветврачка дароо билдирип, карантин жарыяланыш керек жана мындай учурда сырттан мал алып келүүгө тыюу салынат. Дарылап жаткан адам да өзүнө жугузуп албаш үчүн сактанып, халат, атайын бут кийимдерди кийиши керек. Мал жаткан жерлерди тазалап, дезинфекциялоо керек.

Тарыхына токтолсок, шарп оорусу 1546-жылдары Италияда катталган. Кыргызстанда 4-5 жылдан бери күч алып келет.
Даярдаган: Кубанычбекова Калида
Сүрөттөр интернеттен алынды