Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкмтүндөгү Камуна айылында жул гилем, айкөч, араби, туш кийиз гилемдерди токуп жан баккан Бурма Баратова 30 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенет. Ал өзү токуган килемдерин өзүнүн айылына жана коңушу айылдарга сатып иштейт.
Ал кол өнөрчүлүк унутта калбай өнүгүүгө тийиштигин айтат.
“Биз эс тарткандан эле апаларыбызды көрүп алар жасаган иштерди жасап азыркы убакка чейин апаларыбыздан, дегеле бүткүл кыргыз элинен эзелтен келе жаткан кол өнөрчүлүгү сакталып келет. Барган сайын өнүгүүнүн жолунда келе жатабыз, жасаган буюмдарыбыз жүл гилем, айкөчөт, араби, ажары таар, кийиздин түрлөрү богжомо тигүү иштеринен туш кийиз жана ар кандай гилемдин түрлөрүн ошол энелерибизден үйрөнгөнүбүздү кылып келе жатабыз. Колумдан чыккан гилем, кийиздерди ушул айылдагыларга сатып кыздарга сеп жасап, түшкөн тапшырыктарды жасап иштеп келем”, — дейт ал.
Даярдаган: Мунара Малабава
Сынак үчүн