Ноокат районуна караштуу Байыш айылынын тургуну Эрмек Абытов эки гектар жерге төрт жыл мурун шабдалы көчөттөрүн отургузуп, быйыл түшүмүн алам деп турган кези.
Абытов шабдалынын тез түшүм бергенине кызыгып, анын үстүнө башынан эле бул мөмө жемишти жакшы көрүп, өстүрөм деген максаты болгон. Ал максатына 2013-жылы жетип, шабдалы көчөттөрүн отургузган. Шабдалы төрт жылдан кийин түшүм бергендиктен быйыл түшүмүн алам деп жүргөн кези.

Багбан шабдалынын көчөтүн ар бирин 65 сомдон алып, эки сортун тиккен. Учурда ал бактардын бутактарын кыркып, жер семирткичтерди салып даярдап койгон.


Абытов «бул бакты чоңойтуу, эрте бышуучу алма бар, ошону да тиксем деген максатым бар» деп айтты.
Даярдаган: Атиргүл Жигитали кызы
Сынак үчүн