Ак-Талаа районундагы Баетов айылында кенже кызматкерлер арасында “Сармерден” өнөр оюнун өткөрүү салтка айланып баратат. Бул жолу Баетов айылындагы Д.Ажиев атындагы клубда аталган өнөр оюнунун экинчи айлампасы болду.
Сармерденге Кайыңды-Булак айылындагы “Чолпон” жана Баетов айылындагы “Аруу муун-наристе” балдар бакчасында эмгектенген кенже кызматкерлер таймашышты. Маданият кызматкерлери калыстык кылышты.
Айыл өкмөт башчысы Турусбеков Таланттын айтымында, “Сармерден” өнөр таймашы Баетов айыл өкмөтүнө тийиштүү болгон бардык мекемелердеги кенже кызматкерлер арасында өтөт.
Жобого ылайык, элдик ырлар ырдалып, “Манас” эпосунан үзүндү, табышмак, жаңылмач, макал-лакап өңдүү оозеки чыгармачылыктын үлгүлөрү боюнча тапшырмалар аткарылды. Жыйынтыгында “Аруу Муун-Наристе” балдар бакчасынын ырчы-чоорчу кенже кызматкерлери жеңүүчү деп табылды.
Ар бир айлампанын өзүнүн Эрке бала жана Шайыр жеңеси кыз-жигит таймашын алып барат.
Даярдаган: Эльвира Кубанычбекова